Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,117 Бардыгы / Стокгольм соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берүүгө айыпталган телекоммуникациялык Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерине карата өкүм чыгарды. Сот өкүмүндө айтылгандай, швед мыйзамдарына ылайык, кимдир бирөө аткаминерлерге пара иретинде акча же белек берсе, коррупция катары эсептелет. Бирок соттук угуулар учурунда прокурорлор Telia компаниясынын жетекчилери тарабынан миллиондогон доллар пара берилген […]
1,118 Бардыгы / Стокгольм соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берүүгө айыпталган телекоммуникациялык Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерине карата өкүм чыгарды. Сот өкүмүндө айтылгандай, швед мыйзамдарына ылайык, кимдир бирөө аткаминерлерге пара иретинде акча же белек берсе, коррупция катары эсептелет. Бирок соттук угуулар учурунда прокурорлор Telia компаниясынын жетекчилери тарабынан миллиондогон доллар пара берилген […]
КАРИМОВАГА ПАРА БЕРҮҮГӨ АЙЫПТАЛГАН TELIA КОМПАНИЯСЫНЫН МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ АКТАЛДЫ
18.02.2019 / Автор aymak

1,119 Бардыгы /
Стокгольм соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берүүгө айыпталган телекоммуникациялык Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерине карата өкүм чыгарды.
Сот өкүмүндө айтылгандай, швед мыйзамдарына ылайык, кимдир бирөө аткаминерлерге пара иретинде акча же белек берсе, коррупция катары эсептелет. Бирок соттук угуулар учурунда прокурорлор Telia компаниясынын жетекчилери тарабынан миллиондогон доллар пара берилген маалда Гүлнара Каримова чындап эле Өзбекстандын телекоммуникациялык чөйрөсүндө чечим кабыл алган бийлик өкүлү болгонун далилдей алышкан эмес.
Сот өкүмүндө айыптоочулар жана жактоочулар тарабынан берилген далилдердин баары кылдат иликтенгени айтылат. Сотто 2007-2010-жылдары Telia компаниясы Гибралтарда катталган Takilant Ltd компаниясынын эсебине жүз миллиондогон доллар акча которгону, ал компаниянын чыныгы ээси Гүлнара Каримова экени аныкталган.
19-декабрда өткөн акыркы соттук угууда швед прокурорлору айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү сурашкан. Бирок сот Telia компаниясынын мурдагы вице-президенти жана каржы директору Теро Кивисаарини, мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюбергди жана евразиялык бизнес багыт боюнча мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туиманы күнөөсүз деп тапты.
Алардын баары Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага өзбек базарына кирүү үчүн 350 млн доллар көлөмүндө пара беришкен деп күнөөлөнүшкөн.
Акцияларынын 37 пайызы швед өкмөтүнө таандык “Telia” компаниясы 2017-жылы Гүлнара Каримовага 331 миллион доллар пара бергенин мойнуна алган. Ошондой эле АКШнын Юстиция министрлиги менен келишим түзүп, коррупциялык кылмышты жөнгө салуу үчүн 965 миллион доллар айып төлөөгө макул болгон.
Мурунку өзбек президентинин кызына 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда да кылмыш иштери козголгон. Каримова бери дегенде алты телекоммуникациялык компаниядан бир миллиард долларга чейин пара алган деп айыпталууда. Бул акчанын бир бөлүгү – 800 миллион доллар Швейцариянын банктарынан табылып, камакка алынган. 31-июлда Швейцариянын Федералдык соту банктагы эсептерин ачуу боюнча Каримованын апелляциясын канааттандырган эмес. Бул каражаттар жакынкы арада Өзбекстандын өкмөтүнө кайтарылып берилиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт.
Гүлнара Каримова болсо Өзбекстанда бир катар коррупциялык кылмыштар үчүн соттолуп, азыр абакта жазасын өтөп жатат. Ташкенттин сотту Каримованы салыктардан качуу, уурдоо, акча өндүрүү жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу үчүн күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg АК КАЛПАК МАЙРАМЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!
-
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ ЖАНДАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.