Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,639 Бардыгы / БИШКЕК. Ирригация боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар абдан жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, – деп эске салды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүктүрүү боюнча Улуттук Диалог» аттуу конференцияда. Ошентип, аталган Программанын алкагында бардык […]
1,640 Бардыгы / БИШКЕК. Ирригация боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар абдан жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, – деп эске салды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүктүрүү боюнча Улуттук Диалог» аттуу конференцияда. Ошентип, аталган Программанын алкагында бардык […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “ИРРИГАЦИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАНЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУДА БИЗ АМБИЦИЯЛУУ МАКСАТТАРДЫ КОЮП ЖАТАБЫЗ”
01.03.2019 / Автор aymak1,641 Бардыгы /
БИШКЕК. Ирригация боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар абдан жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, – деп эске салды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүктүрүү боюнча Улуттук Диалог» аттуу конференцияда.
Ошентип, аталган Программанын алкагында бардык маселелер комплекстүү гана чечилет — жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция дагы тыйылат. Пландалгандай, жаңы калктуу конуштар, чарбалар дагы пайда болот. Жалпысынан 240 миңден ашуун жумуш орду түптөлөт. Эске салсак, аталган Программадагы долбоорлору негизинен үч топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары дээрлик аныкталган. Бул топко Кытай гранты, Ислам Өнүктүрүү Банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу обьектилер гана киргизилген. Экинчи топко кирген 17 обьекти инвесторлордун жардамы аркасында гана курулат, ушул тапта сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калды. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 миллиард сомду түзгөн 31 суу-чарба обьектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миң гектар жаңы сугат жер пайда болот. 3-топтун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каржылоонун булактары азырынча аныктала элек.
– Эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул багыттагы иштерди мындан ары илгерилетиши кажет! Өздөрү келишкен донорлор менен гана иштеп, дагы донор күтүп отура бербегиле! Өнөктөштөрдү жана донорлорду өзүңөр дагы издегиле! Демилгелерди байма-бай көтөрүп, активдүү жумуш алып баргыла! – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
-
23.10.2024 / Автор anarkan_kg МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ
-
29.10.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА 416 КИШИ 50 МИҢ СОМДОН КӨП ПЕНСИЯ АЛАТ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.