Аймак

МЭРИЯНЫН МААЛЫМАТ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭМНЕГЕ ЖУМУШТАН КЕТИШТИ?

МЭРИЯНЫН МААЛЫМАТ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭМНЕГЕ ЖУМУШТАН КЕТИШТИ?

 2,459 Бардыгы /

1-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясында Маалымат борборундагы кызматкерлердин жумуштан кетүүсү боюнча вице-мэр Майрамбек Адылбеков журналисттерге пресс-конференция берди.

Анда ал 5 кызматкер эмгек өргүүдөн ары кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, ал эми 2 кызматкер расмий түрдө кызматтан кеткенин билдирди.

«Маалымат борбордун жетекчиси 1-марттан эмгек өргүүгө чыккан жана андан ары жумуштан кетүү боюнча арыз жазган. 15-фервалдан өргүүгө чыккан 2 кызматкер,1-марттан өргүүгө чыккан 2 кызматкер эмгек өргүүдөн ары жумуштан кетүү боюнча арыз жазышкан. Өз каалоолору менен арыз жазып, жалпы маалымат борбордун жетекчиси менен 5 кызматкерди түзөт.Эмгек өргүүгө чыккандар жумушка кайра келип иштей беришсе болот. Негизи жетекчи  бардык кызматкерлерди бир учурда эмгек өгүүгө чыгара албайт. Себеби ишканада эмгек өргүүгө чыгуу тартиби болуш керек. Бирок ага карабай борбордун жетекчилиги бардык кызматкерлерге эмгек өргүүгө чыгара берген.Бул мыйзамдан тыш болуп калат. Эч кимге кысым болгон эмес», – деди ал.

Борбор өз ишин тынымсыз улантып туруусу үчүн маалымат борбордун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп журналист Азамат Жээнбеков дайындалганын билдирди. Маалымат борборго шаардын бюджетинен 3 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн, жалпы 11 кызмат орду бар экенин өз сөзүндө ырастады.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17