Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,810 Бардыгы / 4-5-апрель күндөрү Душанбеде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяларга байланыштуу тараптар Баткен жана Согди облустарынын башчылары жетектеген туруктуу комиссия түзүү сунушталган. Анын курамына укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет. Мындан тышкары тараптар эки […]
1,811 Бардыгы / 4-5-апрель күндөрү Душанбеде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяларга байланыштуу тараптар Баткен жана Согди облустарынын башчылары жетектеген туруктуу комиссия түзүү сунушталган. Анын курамына укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет. Мындан тышкары тараптар эки […]
АПРЕЛДЕ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ДЕМАРКАЦИЯЛОО ИШТЕРИ УЛАНАТ
20.03.2019 / Автор aymak

1,812 Бардыгы /
4-5-апрель күндөрү Душанбеде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.
Анын айтымында, чек арадагы окуяларга байланыштуу тараптар Баткен жана Согди облустарынын башчылары жетектеген туруктуу комиссия түзүү сунушталган. Анын курамына укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет. Мындан тышкары тараптар эки өлкө жарандары жашаган көчөлөрдү биргелешип күзөтүү боюнча макулдашууга келишкен.
«Бизде эки жол бар. Биринчиси Исфара шаарынан Ворухка бара турган жол. Бул жол Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Ак-Сай деген кыргыз айылдарын кесип өтөт. Баткен-Исфана жолунда дагы абал ушундай. Ал дагы тажик аймагын кесип өтөт. Ошондуктан биз чек ара мекемелерине эки өлкө жарандарынын бул жолдор аркылуу эркин жүрүшү үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюу тапшырмасын бердик», — деди Разаков.
«Исфара-Ворух жолун курууга уруксат берилди. Бул жолдун кыргыз айылдарын кесип өтө турганын эстен чыгарбаш керек. Буга байланыштуу 2014-жылы Баткен облусунун Ак-Сай айылын айланып өткөн кошумча жол куруу тууралуу протоколго кол коюлган. Мында коридор түзүп берүү тууралуу эч кандай сөз жок. Болгону ал эки өлкөнүн жарандары тең жүрө ала турган кошумча жол болуп эсептелет», — деди вице-премьер министр.
Анын айтымында, тажик тарап аталган жолдун төрт чакырымынын курулушуна жардам берүүнү сунуштаган. Бирок ал Кыргызстандын аймагында курулуп жаткандыктан, кыргыз тарап өз акчасына кура турганын билдирген.
«Ак-Сай — Тамдык жолу мал айдап өтүү үчүн керек. Бүгүнкү күндө кыргыз жайыттарына баруу үчүн бир гана жол бар — ал Исфара районунун Ворух айылы аркылуу өтөт. Анда Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр деген үч кыргыз айылынын тургундары малдарын жаят. Жалпысынан тоодогу жайыттарда 65 миңге жакын мал-жандыгы болот. Мындан улам турмуш-тиричилик деңгээлинде Ворухтун жашоочулары менен түшүнбөстүктөр болуп турат. Буга байланыштуу учурда Ак-Сай — Тамдык жолу курулуп жатат. Протоколдо бул жолдун курулушун кыргыз тарап бүтүрө турганы жазылган. Учурда курулуш иштери башталды», — деди Разаков.
«Протокол эки мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алып даярдалды. Исфара – Ворух жолу тажиктердики деп айтуу туура эмес. «Коридор берилди» деп да айтып жатышат. Дагы бир жолу айтам, Ворух айылына эч кандай коридор берилген жок. Протокол эч кандай жашыруун мүнөзгө ээ эмес деп эсептейм», — деди вице-премьер министр.
Баткен облусунун Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын жашоочуларынын ортосунда 13-мартта чыр чыккан. Буга Баткен районундагы Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. «Азаттык» радиосунун тажик кызматы жаңжал маалындаТажикстандын эки жараны каза болгонун билдирди. Мындан тышкары Кыргызстандын эки жараны оор жараат алып, бирөөсү реанимацияга жеткирилген. 18-мартта эки өлкөнүн расмий делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жолдор ачылган.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРДАГЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.