Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА “НООРУЗ МАЙРАМЫ-2019” (сүрөт)

ЖАЛАЛ-АБАДДА “НООРУЗ МАЙРАМЫ-2019” (сүрөт)

 4,404 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 21-март Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Нооруз элдик майрамына арналган салтанаттуу иш-чаранын расмий бөлүгүн шаар мэри Мураталы Тагаев ачып, тургундардын майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана коноктору, сиздердин 21-март – Нооруз майрамыңыздар менен Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдүн куттуктаймын. Нооруз майрамы жер бетине жылуулук, жаратылышка сулуулук берип ар бир инсандын үмүтүнө, тилегине үрөн себе турган майрам катары белгилеп келебиз. Биз жыл сайын Нооруз майрамын кубаныч жана үмүт тилектин күнү катары майрамдык шаң менен тосуп келебиз. Нооруз күнү ата-бабаларыбыз ак дасторконду мол жайып, идиштерди актык менен айран, сүткө толтуруп, адамдар бири-бирине жакшы тилек айттырып, жамаат менен бирге Жараткандан жакшылык болуусун сүмөлөк кайнатып тилектерин айтып келишкен. Анткени жамааттын тилеги кудайга жакын болуп, орундалат деп ишенишкен жана ишенип келебиз, -дейт, М.Тагаев шаар мэри.

Андан кийинки куттуктоо сөзү КРдин Өкмөтүнүн областтагы өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичке, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Жолдошовго, Жалал-Абад областтык Аксакалдар кеңешинин төрагасы С.Качкынбаевге берилди.

“Урматтуу мекендештер, сиздерди Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген «Нооруз» майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаз мезгилинин башаты болгон “Нооруз”- жаңылануунун, жакшы тилектердин майрамы. Бул майрамдын көөнөрбөс дагы бир касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөтүн, руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан-муунга мурастап келе жатканында. Анткени, кыргыз эли эзелтен бул майрамда жердин жанданышын шаң- шөкөт менен майрамдап, жаңы жыл берекенин жылы болсун деп, дасторконду түркүн даамдарга толтуруп, сүмөлөк даярдашкан.

Нооруз майрамы биздин жүрөгүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин, алдыбыздагы турган милдеттерди аткарууда ишибизди ийгиликтер коштоп, элибиздин үмүт тилектери акталып, ушул жылы өлкөбүз, анын ичинде биздин областыбыз да өнүгүп, өсүп, жакшы самаалыктар жаралсын! 
Жаздын келиши менен жакшылыктар агылып, элибизде эгин-тегин мол болуп, кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун! Ар бир үйдө наристелердин күлкүсү, нарктуу карылардын батасы жаңыра берсин! Кыргызстаныбызда ынтымак, тынчтык жана туруктуулук болсун!-
дейт К.Сатыбалдиев област башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө 20-март “Курманбек” фольклордук тааласында уюштурулган “Сүмөлөк” фестивалынын алкагында кайнатылган 40 казан сүмөлөктөн шаар тургундарына даам таттырышты.

 

Майрамдык салтанаттын кийинки бөлүгүндө атайын даярдалган сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт тартууланды.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17