Аймак

ОШТУН МЭРИ КООПСУЗДУГУ КАРАЛБАГАН ЖАНА МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙЛАР АЛЫНААРЫН БИЛДИРДИ

ОШТУН МЭРИ КООПСУЗДУГУ КАРАЛБАГАН ЖАНА МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙЛАР АЛЫНААРЫН БИЛДИРДИ

 2,304 Бардыгы /

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайга (АЗС) барып, тиешелүү кызматтардан маалымат алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Калаа башчысы атайын комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерүүгө алаарын, буга чейин мыйзамсыз курулган жана коопсуздугу каралбаган май куюучу жайлар алынаарын билдирди. Андан кийин кырсыктан жабыркаган эки жарандан кабар алып, дарыгерлер тыкыр көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Жабырлануучулардын биринин абалы оор туруктуу. Экинчи жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, абалы орто. Эске салсак, бүгүн, 20-мартта Ош шаарынын Юго-Восток кичи районундагы май куюучу жайда жарылуу болуп, өрт саат 22.10до чектөөгө алынган. Кырсык болгон жайга тез жардам жана ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрү өз убагында жетип барган. Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17