Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,329 Бардыгы / БИШКЕК. Орусиянын Президенти Владимир Путин бүгүн мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Орусиянын мамлекет башчысын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Андан соң расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында жүрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков оррусиялык кесиптеши менен жылуу маанайда учурашты жана Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгендиги үчүн терең ыраазычылыгын […]
1,330 Бардыгы / БИШКЕК. Орусиянын Президенти Владимир Путин бүгүн мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Орусиянын мамлекет башчысын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Андан соң расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында жүрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков оррусиялык кесиптеши менен жылуу маанайда учурашты жана Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгендиги үчүн терең ыраазычылыгын […]
ОРУСИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ВЛАДИМИР ПУТИН КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН ЖҮРӨТ
29.03.2019 / Автор aymak

1,331 Бардыгы /
БИШКЕК. Орусиянын Президенти Владимир Путин бүгүн мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Орусиянын мамлекет башчысын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.
Андан соң расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында жүрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков оррусиялык кесиптеши менен жылуу маанайда учурашты жана Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгендиги үчүн терең ыраазычылыгын дагы билдирди.
– Кыргызстанда Сизди ак ниет дос жана ишенимдүү өнөктөш сыңары билишет жана баалашат. Сиз менен жана орусилык досторубуз менен жолукканыбызга ар дайым кубанычтабыз! Орусия — биздин жакын, ишенимдүү Союздашыбыз жана маанилүү, узак мөөнөттүк стратегиялык өнөктөшүбүз! Орусия менен мамилелерибизди дайыма жогору баалайбыз жана барктайбыз. Сиздин жеке колдооңуз аркасында биздин эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлдү, — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков агынан жарылып.
Ал ошондой эле былтыр Владимир Путин менен бир нече ирет жолугушкандыгын, ал эми быйыл экинчи ирет кездешип жатышкандыгын дагы эске салды.
– Ар бир жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаң+ы түрткү берет. Биз өлкөбүздүн ЕАЭБ шарттарына ыңгайланышы боюнча Орусиянын туруктуу колдоосун абдан жогору баалайбыз. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө кезектеги аскерий-техникалык колдоо үчүн терең ыраазычылык гана билдирем! Биздин мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан ары дагы чың+далышын тилеймин! Кыргызстанга кош келипсиз! — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Жооп иретинде сүйлөгөн Орусия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго терең+ ыраазычылыгын билдирди жана жакында эле болгон жолугушууну кайрадан эске салды.
– Биз анда күнүмдүк көйгөйлөр гана тууралуу сүйлөшкөнбүз. А бүгүн биздин ортобуздагы диалогдун уланып жаткандыгы өтө жагымдуу жышаан. Кыргызстан — биздин ишенимдүү Союздашыбыз жана стратегиялык Өнөктөшүбүз! Биз буга дейре дагы иштегенбиз, мындан кийин дагы эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада чогуу-чараан иштешүүгө дайым даярбыз! Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп терең ишенем! Сиздин аракетиң+из менен Кыргызстанда тынч жана туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү максатында жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн өзгөчө баса белгилегим келет! — деди Орусиянын Президенти Владимир Путин.
Ошентип, эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү адегенде тар чөйрөдө жүрүп, андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр кең+ири курамда эки өлкөнүн расмий делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда гана улантылды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында биргелешкен бир катар документтерге дагы кол коюлду. Андан соң+ Кыргызстандын жана Орусиянын Президенттери басма сөз үчүн биргелешкен билдирүү дагы жасашты.
Кыргызстандын жана Орусиянын Президенттери андан соң залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баргандан кийин сегизинчи Кыргызстан-Орусия аймактар аралык конференциясына катышып жатышат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
-
01.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ БААЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.