Аймак

СУЗАКТА АРЫЗ КАТТАР КАРАЛБАЙБЫ?

СУЗАКТА АРЫЗ КАТТАР КАРАЛБАЙБЫ?

 2,028 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 4-апрелде областтык коллегиянын кезектеги жыйыны өтүп, анда маанилүү 5 маселе каралды.

Күн тартибинде каралган 2-маселе Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жана Сузак районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иш кагаздарынын аткарылышынын абалы жөнүндө болду. Бул маселеге ылайык Сузак мамлекеттик администрациясына  2018-жыл ичинде 2364 документ келип түшкөн, 237 нормативдик актылар катталган, 62 токтом, 331 буйрук чыгарылган. 2018-жыл ичинде 438 арыз катталган. Анын ичинен КРдин Президентинин Аппаратынан – 6, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынан-1, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан – 17, түз кайрылгандар -37, жеке кабыл алуу -71, ооз эки 656 жаран кабыл алынган.

КРдин №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 9-беренесинин 4-пунктунда Жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, эгерде алар каралса, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар көрүлсө жана жарандарга ушул мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жооп берилсе, чечилди деп эсептелинет деп көрсөтүлгөн. 2018-жылдын 2-мартында кириш №Н-97 арыз каты, 13-июлундагы №Д-282 арыз каты ж.б., каттар Сузак райондук мамлекеттик администрациясына келип катталып, администрациянын башчысынын резолюциясы менен А.Алиевага аткарууга чыгарылган. Аткаруучу арыз кат 5 күн ичинде керектүү жерге жеткирилет деп көрсөтүлгөнүнө карабастан, арыз каттарды 10 күндөн 22 күнгө кармап, Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сариевге кароого жөнөткөн. Көчүрмөсү арыз ээсине деп жөнөтүп, ошол боюнча арыз катты көзөмөлдөн алып коюшкан. Айыл аймактан арыз каттын аткаруусу боюнча маалымат алынбай калган жана арыз ээлерине жооптору берилбеген.

Мындан сырткары Сузак районунун 12 айыл өкмөтүнүн жана Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү каралган.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын июль айында КРдин Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан Жалал-Абад областынын бардык айыл аймактарында документтердин аткарылышын контролдоонун автоматташтырылган системасы АСКИД (мындан ары – АСКИД) коюлган. АСКИД программасы иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга багытталган. Мекемеге келген документтерди жана жеке адамдардан келип түшкөн арыз каттарды каттоо, аларды көзөмөлдөө жана аткарылышын уюштуруу, өз убагында жана сапаттуу аткарылышынкамсыздоо үчүн колдонулган программа.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмүнүн адистери тарабынан АСКИД программасы туура колдонуу боюнча жеринде окуулар өткөрүлгөндүгүнө карабастан, текшерүү учурунда аталган программа айрым (Ырыс, Көк-Арт, Кыз-Көл, Ленин) айыл өкмөттөрүндө толук иштөөсү жолго салынбагандыгы белгиленди.

Облус жетекчиси К.Сатыбалдиев райондун акимине мындай катачылыктарды жоюуга эскертме берди жана ар бир жарандан келген арыз катты толук аткарууга чакырды.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17