Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
5,007 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында “Бир адамдан бир китеп” долбоору старт алган жана анын ачылуу аземи чоң масштабда өттү. Ачылуу аземине Сузак районунун акиминин орун басары Лола Абилова, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сопубек Сариев, Сузак райондук жаштар кеңешинин төрагасы Асан Эрмеков, Сузак райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт […]
5,008 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында “Бир адамдан бир китеп” долбоору старт алган жана анын ачылуу аземи чоң масштабда өттү. Ачылуу аземине Сузак районунун акиминин орун басары Лола Абилова, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сопубек Сариев, Сузак райондук жаштар кеңешинин төрагасы Асан Эрмеков, Сузак райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт […]
КАРА-ДАРЫЯ ЖАШТАРЫ ЭЛДИК КИТЕПКАНА НЕГИЗДЕШТИ
08.04.2019 / Автор aymak

5,009 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында “Бир адамдан бир китеп” долбоору старт алган жана анын ачылуу аземи чоң масштабда өттү.
Ачылуу аземине Сузак районунун акиминин орун басары Лола Абилова, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сопубек Сариев, Сузак райондук жаштар кеңешинин төрагасы Асан Эрмеков, Сузак райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Роза Уразбекова, айылдын муфтийи Шекербек Ажы жана бир топ жетекчилер, демилгелүү жаштар, окуучулар катышышты.
Иш-чара алгач жөө жүрүш менен башталып, анда “Бир адамдан бир китеп, максатыңа окуп жет”, “Аткаруу бизден, колдоо сизден”, “Китепти ачсаң, китеп сени ачат” деген лозунгдар менен жалпы айыл элине чакырыктар жасалды.
Бул долбоордун негизги максаты, өлкөдө китеп окууну даңазалоо, руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, шаар, регион, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү, аздан болсо да билимге инвестиция жасоого багытталган.
“Биз алгач бул долбоор республика боюнча жүрүп жатканын ошол эле учурда биздин областта эч ким колго ала электигин уктук. Айылда алгач жөө жүрүшкө чыгып, ар бир үйгө кирип аталган долбоор тууралуу маалымат бердик. Кээ бирлери өтө сүйүнүп, китептин ордуна акча берип, ушуга жаштар окуй турган китептерди алгыла деп батасын бергендер болду. Жамандын дагы бир жакшысы, жакшынын дагы бир жаманы болот демекчи айрымдары “кайырчыларга окшобой жөн эле жүрбөйсүңөрбү” дегендер да болду. Аягында долбоорубуз аябай жемиштүү болуп, буйруса өз үзүрүн берерине үмүтүбүз чоң. Чогулган 400гө жакын китептердин негизинде китепкананы “Ибарат” китепканасы деп атадык. “Ибарат” деген сөз “өрнөк”, “үлгү” деген маанини билдирет. Жаштардын демилгеси менен уюштурулган бул китепкана башкаларга үлгү болсун деген мааниде коюлду.
Бул долбоорго айылдын, райондун өнүгүшүнө кайдыгер карабаган бир китептен тартып, томдук китептерге чейин белек кылган активдүү жарандар катышты. Убакыттан пайдаланып бизге көмөк көрсөткөн ошол жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Долбоордо чогулган китептер жалпы элдин менчиги болот жана каалаган убагында келип окуй алышат.
Чогулган китептер учурда №19 А.Абдукаимов орто мектебинде атайын бир чоң кабинетке жайгаштырылды. “Бир адамдан бир китеп” долбоору айылда мындан ары да уланат. Китеп берүү үчүн Кара-Дарыя жаштар коомуна кайрылууга болот” –дейт Альбина Замир кызы уюштуруучу.
Кошумчалай кетсек, “Бир адамдан бир китеп” долбоору учурда өлкөнүн бардык булуң-бурчунда уюштурулуп жатат. Жалал-Абад областы боюнча биринчилерден болуп Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын Кара-Дарыя жаштар коому жана Сузак райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Роза Уразбекова менен биргеликте демилгелеп колго алышкан.




















Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.