Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
834 Бардыгы / Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып алуудагы тендер чырына байланыштуу кармалганы кабарланды. «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысыДанияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганы айтылууда. Атайын кызмат үч чиновник кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин ачыктады. УКМК тараткан маалыматта 2018-жылы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча 1 миллиард […]
835 Бардыгы / Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып алуудагы тендер чырына байланыштуу кармалганы кабарланды. «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысыДанияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганы айтылууда. Атайын кызмат үч чиновник кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин ачыктады. УКМК тараткан маалыматта 2018-жылы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча 1 миллиард […]
ӨЛКӨДӨ ПАСПОРТ ТЕНДЕРИ БОЮНЧА ҮЧ АТКАМИНЕР КАРМАЛДЫ
17.04.2019 / Автор aymak

836 Бардыгы /
Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып алуудагы тендер чырына байланыштуу кармалганы кабарланды.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысыДанияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганы айтылууда.
Атайын кызмат үч чиновник кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин ачыктады.
УКМК тараткан маалыматта 2018-жылы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланып, ага чет элдик беш компания катышканы айтылат. Тендерде компаниялардын бири эң арзан бааны сунуш кылганына карабай Мамкаттоонун комиссиясынын чечими менен тендерден өтпөй калганы белгиленет. УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт.
Мекеменин Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев буларды айтып берди:
«Башкы прокуратура 2019-жылдын 26-февралында паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоп, иш азыр тергелип жатат. Баштапкы маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 253 млн. 377 миң сомду түзөт».
Чуулуу тендерди өткөрүүгө тиешеси бар экени айтылган 15 адамдын тизмесинде жүргөн Мамлекеттик каттоо кызматынын азыркы жетекчиси Алина Шаикова менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Мамкаттоонун мурдагы төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев бул жагдай боюнча пикир айтуудан баш тартып, бардык суроолор укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш экенин билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын «камалды» деп сөз болуп жаткан орун басары Руслан Сарыбаев буга чейин «Азаттыкка» интервью берип, тендер мыйзам чегинде өткөнүн айткан. Ал эми камалганы айтылып жаткандардын дагы бири, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев президентке караштуу Өлкөнү санариптештирүү кеңешинде да мүчө экени белгилүү.
Аталган кеңештин мүчөсү, Бишкектеги Жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров Абдуллаев дасыккан адис экенин, эки компаниянын тирешинин курмандыгы болуп жатканын айтты.
Тендерди утуп алган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы да үн катып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тараткан маалыматты четке каккан. Компаниянын директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускас каралоо жүрүп жатканын жана бул иш боюнча эл аралык сотто териштирээрин кыйыткан.
Кыргызстанда 2019-жылдан тарта электрондук жалпы жарандык паспорттор бериле башташы керек эле.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
15.09.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА «АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ АЧЫЛДЫ
-
15.09.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА 10 МИҢДЕН АШУУН БАЛА 1-КЛАССКА КАБЫЛ АЛЫНДЫ
-
15.09.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА 147 МИҢ БАЛА МЕКТЕП БОСОГОСУН АЛГАЧКЫ ЖОЛУ АТТАДЫ
-
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНЕН КАБАР АЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.