Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
24,053 Бардыгы / Паспорт – биздин азыркы коомдо эң керектүү документ. Кайда барба, кайсы жумушка орношпо бардык катмарда жаныбызда ушул паспорт кошо жүрөт эмеспи. Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө баш баксак, ар түрдүү жарандарды учураттык. Бири жаңы гана паспорт алууга камынып жатса, экинчиси алмаштырып, дагы бири чет өлкөгө чыгуучу паспортун жаңылап жаткан болот. Технология заманында улам […]
24,054 Бардыгы / Паспорт – биздин азыркы коомдо эң керектүү документ. Кайда барба, кайсы жумушка орношпо бардык катмарда жаныбызда ушул паспорт кошо жүрөт эмеспи. Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө баш баксак, ар түрдүү жарандарды учураттык. Бири жаңы гана паспорт алууга камынып жатса, экинчиси алмаштырып, дагы бири чет өлкөгө чыгуучу паспортун жаңылап жаткан болот. Технология заманында улам […]
ПАСПОРТ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ ( жана төлөмдөрү)
17.04.2019 / Автор aymak24,055 Бардыгы /
Паспорт – биздин азыркы коомдо эң керектүү документ. Кайда барба, кайсы жумушка орношпо бардык катмарда жаныбызда ушул паспорт кошо жүрөт эмеспи. Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө баш баксак, ар түрдүү жарандарды учураттык. Бири жаңы гана паспорт алууга камынып жатса, экинчиси алмаштырып, дагы бири чет өлкөгө чыгуучу паспортун жаңылап жаткан болот. Технология заманында улам адамдарга жеңилдиктер жаралып келе жатканы маалым. Паспорт алуу үчүн да мурункудай ары-бери чуркоо деген жок го эсе. Анда паспортуңуз жараксыз абалга келип же мөөнөтү аяктаганда, аты-жөнүңүздү өзгөртүүнү көздөгөнүңүздө, жоготуп алган учуруңузда кандай документтерди алып барышыңыз керек? Төлөмдөрү кандай болот? Бул сыяктуу суроолорго Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Жалал-Абад шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Гулзина Исмаиловадан жооп алынды. Кошумчалай кетсек, өлкөбүздө 1994-2004-2017-жылдардын үлгүлөрүндөгү паспорттор колдонулуп келет.
2017-ЖЫЛДЫН ҮЛГҮСҮНДӨГҮ ID-ПАСПОРТТУ АЛУУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ:
-16 жашка толгондо туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө – калктын бирдиктүү маалымат реестринде (КБМР) маалымат болбогон учурда; арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту керектелет.
-Өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө алып келесиз.
-Эгер сиз 2017-жылдын үлгүсүндөгү (көк түстөгү) паспортту алмаштырсаңыз алмаштырылып жаткан паспортту гана алып барасыз. Калган документтер калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө тиешелүү.
-2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортуңуз жоголгон учурда – жоголгон паспортуңуздун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз жазууңуз керек.
АЛ ЭМИ 2004-ЖЫЛДЫН ЖЕ 1994-ЖЫЛДЫН ҮЛГҮСҮНДӨГҮ ПАСПОРТУН АЛМАШТЫРУУДА, ЖОГОЛГОН УЧУРДА:
Эгер сиздин 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуңуздун колдонуу мөөнөтү аяктаганда же өзүңүздүн каалооңуз менен алмаштырууну көздөсөңүз анда алмаштырылып жаткан паспортуңуз же актылык жазуудан көчүрмө жетиштүү.
Ал эми 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуңуз жоголгон болсо, жоголгон паспортуңуздун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызыңыз, анда кайсы жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлүүсү шарт. Анан да туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк же туулгандыгыңыз тууралуу актылык жазуудан көчүрмө керек болот.
Калктын бирдиктүү маалымат реестринде катталганыңыз тууралуу маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТ АЛУУДА ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ:
-Эгер сиз 16 жашка толгон жаран болсоңуз туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк же туулгандыгыңыз тууралуу актылык жазуудан көчүрмө керектелет.
-Сиз жалпы жарандык паспортуңузду визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганда, жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу кайра алмаштыруу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Аны үчүн алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспортуңуз жетиштүү.
ПАСПОРТ АЛУУНУН ТӨЛӨМДӨРҮ:
е-ID карттын баалары: алмаштыруу үчүн – 260 сом, алгачкы жолу алуучуларга -260 сом, жоготуп же бузуп алгандарга – 260 сом, аты-жөнүн өзгөртүүнү каалагандарга – 290 сом болсо, этникалык кыргыздар үчүн 260 сомду түзөт.
Тез аранын ичинде алуунун баасы (е-IDкарт): 8 күн ичинде – 1030-1060сом, 4 күн ичинде – 1340-1370 сом, ал эми 2 күн аралыгында 1630-1660сом.
Чет өлкөгө чыгуу паспортунун баасы: алмаштыруу үчүн – 590 сом, алгачкы жолу алуучуларга -530 сом, жоготуп же бузуп алгандарга – 730 сом, аты-жөнүн өзгөртүүнү каалагандарга – 630 сом болсо, этникалык кыргыздар үчүн 530 сомду түзөт.
Тез аранын ичинде алуунун баасы: 8 күн ичинде – 1970-2030сом, 4 күн ичинде – 2250-2310 сом, ал эми 2 күн аралыгында 2580-2640сом.
ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫКЧУ 16 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ ЖАРАНДАР…
Чет өлкөгө чыгуучу 16 жашка чыга элек адамдарга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө КРдин жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча барактардын ордуна (буга чейин өлкөнүн жарандыгы бар экенин ырастаган кошумча барак берип келишкен) 3 жылга КРдин жаранынын жалпы жарандык паспорту берилет. Аталган мыйзам 16 жашка чыга элек жарандарды республиканын чегинен тышкары мыйзамсыз чыгаруу тобокелдигин жоюу максатында Өкмөттүн буйругунун негизинде ишке ашууда.
КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ ДҮЙНӨЛҮК ПАСПОРТТОР РЕЙТИНГИНДЕ…
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту 2019-жылы дүйнөдөгү таасирдүү документтердин рейтингинде 76 орунду ээледи. Таасирдүүдокументтер рейтинги Henley&Partners компаниясы тарабынан жыл сайын 200 өлкөнүн паспорттору боюнча өткөрүлүп турат. Аталган рейтингдин сап башында Жапониянын паспорту турат.Казакстан паспорту 67 оорунду ээлесе, Өзбекстандын жана Тажикстандын паспорттору 80 орунду ээлеген.
Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.