Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,979 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылы Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбору аталган Ош шаарынын Борбордук Аянтында Сүрөт Галереясы уюштурулду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийим-кечелери кең-кесири жана таамай чагылдырылды. Айтылуу чебер Канымбү АСАНАКУНОВА Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан Президенттери Сооронбай Жээнбековдун, Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиеевдин сүрөттөрүн килемге чоң мээнет менен түшүргөн. – Өзү портрет […]
1,980 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылы Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбору аталган Ош шаарынын Борбордук Аянтында Сүрөт Галереясы уюштурулду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийим-кечелери кең-кесири жана таамай чагылдырылды. Айтылуу чебер Канымбү АСАНАКУНОВА Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан Президенттери Сооронбай Жээнбековдун, Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиеевдин сүрөттөрүн килемге чоң мээнет менен түшүргөн. – Өзү портрет […]
ОШ ШААРЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН МАДАНИЙ БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ
22.04.2019 / Автор aymak

1,981 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылы Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбору аталган Ош шаарынын Борбордук Аянтында Сүрөт Галереясы уюштурулду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийим-кечелери кең-кесири жана таамай чагылдырылды.
Айтылуу чебер Канымбү АСАНАКУНОВА Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан Президенттери Сооронбай Жээнбековдун, Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиеевдин сүрөттөрүн килемге чоң мээнет менен түшүргөн.
– Өзү портрет жаратуу оңой жумуш эмес! Ал эми элести даана кылым килемге түшүрүү өтө эле мүшкүл жумуш! Ар бир чарчы метр килемге сүрөт тартуу жок дегенде эки-үч ай убакытты талап кылат. Негизинен колго согулган килемдер абдан жакшы бааланат. Ушул тапта мобул килем көлөмү жагынан наркы эки миң сомдон он миң сомго дейре бааланып жатат, – деди чебер Канымбү АСАНАКУНОВА.
Ал эми ноокаттык уз Жамийла ТАШТЕМИРОВА дагы үйүнө бул ирет дагы кур кол кайткан жок.
– Бүткүл Дүйнөлүк мусулман жаштары Ассамблеясынын Президенти Саид Баюминин сүрөтүн килемге чегип түшүрүп, моминтип ажылыкка жолдомо утуп алдым. Буюрса, быйыл көптөн бери көксөп жүргөн Меккеге барып, мусулманчылык парызымды сөзсүз түрдө аткарам. Ушул күндү буюрган Кудайга абдан чоң ыракмат! – деп кубанычын жашырган жок ноокаттык уз Жамийла ТАШТЕМИРОВА.
– «Ош шаары – Түрк Дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасынын негизги эле максаты – Түрк тилдүү элдердин достугун мындан ары биротоло чыңдоо, ошондой эле алардын биримдигин дагы ого бетер күчөтүү! – деди ТүркСОЙ Эл аралык Уюмунун Башкы Катчысы Дюсен КАСЕНОВ. – Биз ушуну менен гана чектелбейбиз. Мындай мыкты саамалыктарды Түрк Дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүндө дагы ыраттуу түрдө сөзсүз улантмакчыбыз.
Баса, жогорудагы иш-чаранын урматына Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын артисттери «Коркут Ата» тарыхый спектаклин көрөрмандарга тартуулашты. Мындан тышкары Токтогул атындагы сейил бактан тээ «ОшНуру» мейманканасына дейре Түрк Дүйнөсүнүн этно-маданий көргөзмө-жармаңкеси дагы уюштурулду.
Ошентип, мындай олуттуу иш-чара үчүн Кыргызстандын Түштүк Башкалаасынын дагы иргелип алынышынын өзүнчө жүйөөсү бар. Анткени, быйыл «Ош шаары Түрк Дүйнөсүнүн Маданий борбору» деп расмий жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда ТүркСОЙ өлкөлөрүнүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.