Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,144 Бардыгы / Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кырсыкка учураган «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Учакка ээлик кылган «Аэрофлот» авиакомпаниясы кырсыкта аман калган 33 жүргүнчүнүн тизмесин жарыялады. Алардын бешөөсү ооруканага жеткирилсе, үчөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Мындан тышкары төрт экипаж […]
1,145 Бардыгы / Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кырсыкка учураган «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Учакка ээлик кылган «Аэрофлот» авиакомпаниясы кырсыкта аман калган 33 жүргүнчүнүн тизмесин жарыялады. Алардын бешөөсү ооруканага жеткирилсе, үчөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Мындан тышкары төрт экипаж […]
МОСКВАДАГЫ УЧАК КЫРСЫГЫНАН 41 АДАМ КАЗА БОЛДУ
06.05.2019 / Автор aymak

1,146 Бардыгы /
Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кырсыкка учураган «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.
Учакка ээлик кылган «Аэрофлот» авиакомпаниясы кырсыкта аман калган 33 жүргүнчүнүн тизмесин жарыялады. Алардын бешөөсү ооруканага жеткирилсе, үчөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Мындан тышкары төрт экипаж мүчөсү, анын ичинде учкучтар аман калышкан.
5-май кечинде Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган. «Аэрофлот» компаниясынын маалымат катчысы бул белгиленген убакыттан тез болгонун билдирүүдө. Бирок «Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянуу менен учактын арткы бөлүгүндөгү жүргүнчүлөр чыгууга үлгүрбөй калганын жазды.
Учкуч Денис Евдокимовдун Bazа басылмасына билдиргенине караганда, асманда учакка чагылган тийип, анын системасынын бир бөлүгү иштебей калган. Буга чейин кабарлангандай, өрт абада тутанган эмес. Учкучтун айтымында, учактын конуусу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда самолёт жерге катуу урунуп, ошол кезде өрт башталган. «Интерфакс» агенттигинин маалыматына ылайык, учак жерге үч жолу урунганда анын сыныктары кыймылдаткычка түшүп, жалын тутанган.
Интернетке учуу-конуу тилкесинде жалындап күйүп жаткан учактын видеолору жарыяланды. Күбөлөр жүргүнчүлөрдүн андан чыгып жатканы тартылган сүрөт жана видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялашты.
Учактын куйрук бөлүгү дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Маалыматка караганда, ал 2017-жылы өндүрүлүп, 2019-апрелде техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУДА ТҮШТҮК АЙМАГЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН ОКУТУШТУ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНДА 23 ТОННА АКЦИЗ МАРКАСЫЗ МОТОР МАЙЫ ТАБЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.