Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,798 Бардыгы / Бул форумдун ишинде биз аялдардын салымысыз кайсы гана коомчулукта болбосун социалдык-экономикалык, керек болсо, саясый прогресс болбой турганын баса белгилегени турабыз,-дейт Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева. Жакынкы 16-майда Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи форумун өткөрүүгө камылга көрүп жаткан Конгресс президенти бизге бир-эки ооз урунттуу жагдайын айтып берди. -Былтыр май айында […]
1,799 Бардыгы / Бул форумдун ишинде биз аялдардын салымысыз кайсы гана коомчулукта болбосун социалдык-экономикалык, керек болсо, саясый прогресс болбой турганын баса белгилегени турабыз,-дейт Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева. Жакынкы 16-майда Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи форумун өткөрүүгө камылга көрүп жаткан Конгресс президенти бизге бир-эки ооз урунттуу жагдайын айтып берди. -Былтыр май айында […]
ДҮЙНӨНҮ АЯЛЗАТЫНЫН АКЫЛЫ, БИЛИМИ САКТАЙТ!
13.05.2019 / Автор aymak

1,800 Бардыгы /
Бул форумдун ишинде биз аялдардын салымысыз кайсы гана коомчулукта болбосун социалдык-экономикалык, керек болсо, саясый прогресс болбой турганын баса белгилегени турабыз,-дейт Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева.
Жакынкы 16-майда Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи форумун өткөрүүгө камылга көрүп жаткан Конгресс президенти бизге бир-эки ооз урунттуу жагдайын айтып берди.
-Былтыр май айында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен Пекинде Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аялдарынын биринчи форуму өткөрүлгөн. Бул иш чарада аялдардын саясаттагы, экономикадагы, жалпы эле коомдогу орду тууралуу бир канча маанилүү маселелер каралган. Иш чаранын жыйынтыгында экинчи форумду өткөрүү укугу бул уюмга мүчө өлкө катары Кыргызстандын аялдар конгрессинин төрайымы катары мага ыйгарылган.
Кыргызстанда өткөрүү боюнча азыр кызуу даярдыкты жүргүзүп жатабыз. Ага 40тан ашык башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн аппаратынын, тиешелүү мекемелердин жана коомдук уюмдардын көмөктөшүүсү менен ишибиз натыйжалуу болот,- деген ишеничте турабыз.
Албетте, бул жерде Аялдар конгрессинин мүчө-айымдарынын жана өз ыктыярлары менен жардамдашып жаткандардын оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып жатышканын айтпай коюга болбойт.
Экинчи форумда Кыргыз Республикасынын Президентинин сөзү окулат жана өкмөт башчы сүйлөйт. Андан ары ишибизде расмий катышуучулар менен бирге биринчи форумдагы коюлган маселенин жүзөгө ашырылуу жагдайларына токтолобуз.
Ошондйо эле, бул иш чара бир нече багыттарда, маселен, саламаттыкты сактоодо, саясатта, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө, санариптештирүүдө аялзатынын орду тууралуу топтук-талкуулоо иштери менен коштолот.
Келип эле, иш-чарада дүйнөдө тынчтыкка, экономикалык тең салмактуулукка жетишүүдө аялзатынын акылы, билими, күжүрмөндүгү зор күч экендигине жогоруу баа берүү чакырыгы бекемделет.
Зирек Асанова, Бишкек шаары.
Автор aymak
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
26.03.2026 / Автор anarkan_kg ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРЫНДА 330 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.