Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,102 Бардыгы / Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды. «Виртуалдык операторго көп […]
1,103 Бардыгы / Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды. «Виртуалдык операторго көп […]
КЫРГЫЗСТАНДА ТӨРТҮНЧҮ «SALAM»: ТҮЗҮЛӨБҮ?
21.05.2019 / Автор aymak1,104 Бардыгы /
Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды.
«Виртуалдык операторго көп деле техникалык жумуштар талап кылынбайт. Менин билишимче «Альфа Телекомдо» тарифтик пландар боюнча жумуштар жүрүп жатат. Cим-карталар даяр. Бир айдын ичинде бул долбоорду ишке ашырып, жаңы операторду ишке киргизсе болот».
16-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө жыйын өткөрүп, Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү тапшырмасын койгон. Бул милдетти «Мегаком» компаниясы өзүнө алган.
Бирок «Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов азырынча эч кандай жумуш жасала электигин айтты. Ал муну «КТ-Мобайл» компаниясынын жетекчилери жана айрым кызматкерлери кызматтан кеткени менен байланыштырды.
Жамангулов «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде виртуалдык оператор түзүүнү колдоп, бирок өз алдынча иш алып барган уюк операторунун пайда болушуна каршы чыккан. Ал жаңы уюк операторду толук кандуу иштетүү үчүн 86 млн. доллар талап кылынганын жарыялады.
«Бул чоң чыгымдарды алып келмек. Биз ушуга каршы болуп, чыр ушундан чыккан. Келишимге ылайык виртуалдык оператор түзүшүбүз керек болчу. Ага көп деле акча жумшалбайт. Ал эми биздин компания 86 млн. долларды салып салсак ал эртеңки күнү кайра кайтарылып, киреше алып келиши керек да. Биз жөн эле акчаны салып коё албайбыз».
«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылдын 2-ноябрында өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялап, аны «Альфа Телеком» жеңип алган.
Жыйынтыгында «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзгөн. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болгон. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. «Мегаком» биринчи транш менен 168 млн. сом которгону белгилүү болду.
Ошондой эле аталган ишкана жаңы ачылган «Salam» виртуалдык операторуна Интернетти, мобилдик байланышты дүңүнөн сатат, ал эми «Salam» оператору үстүнө каражат кошуп, кайра аны абоненттерге сатууну көздөп жатат. Түшкөн каражаттын 67 пайызын «Мегаком», калган 33 пайызын «КТ Мобайл» алат деп көрсөтүлгөн.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып экономикалык долбоор саясатташып кеткенин айтты.
«Азыркы биз айтып жаткан «КТ Мобайл» жана «Мегакомдун» ортосундагы долбоор бул мамлекеттик проект. Муну аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес».
Учурда Кыргызстанда үч уюк оператор иштейт. Алар: «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
06.09.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
11.09.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫ МИЛИЦИЯНЫН АЙМАКТЫК ПУНКТАРЫН ТЕКШЕРДИ
-
19.09.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА “РОМЕО ЖАНА ЖУЛЬЕТТА” СПЕКТАКЛИ АНШЛАГ МЕНЕН КОШТОЛДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.