Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,218 Бардыгы / Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларын басып чыккан жергиликтүү басмаканалардын арасында соттук жараян башталды. Бул тууралуу «Hürriyet» басылмасы маалымат таратты. Анда эки басмакананын ортосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын автордук укугу талашка түшкөнү жазылат. Түркияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 1991-жылдан 2017-жылга чейин «Ötüken yayıncılık» басмаканасы чыгарып келсе, 2017-жылы бул автордук укук «Nora kitap» басмаканасына […]
1,219 Бардыгы / Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларын басып чыккан жергиликтүү басмаканалардын арасында соттук жараян башталды. Бул тууралуу «Hürriyet» басылмасы маалымат таратты. Анда эки басмакананын ортосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын автордук укугу талашка түшкөнү жазылат. Түркияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 1991-жылдан 2017-жылга чейин «Ötüken yayıncılık» басмаканасы чыгарып келсе, 2017-жылы бул автордук укук «Nora kitap» басмаканасына […]
ТҮРКИЯДА АЙТМАТОВДУН КИТЕПТЕРИН ЧЫГАРГАН БАСМАКАНАЛАР СОТТОШУУДА
28.05.2019 / Автор aymak

1,220 Бардыгы /
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларын басып чыккан жергиликтүү басмаканалардын арасында соттук жараян башталды. Бул тууралуу «Hürriyet» басылмасы маалымат таратты.
Анда эки басмакананын ортосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын автордук укугу талашка түшкөнү жазылат.
Түркияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 1991-жылдан 2017-жылга чейин «Ötüken yayıncılık» басмаканасы чыгарып келсе, 2017-жылы бул автордук укук «Nora kitap» басмаканасына өткөн. Бирок «Ötüken yayıncılık» басмаканасы Айтматовдун китептерин түрк тилинде басып чыгарууну улантып келген. Буга нааразы болгон «Nora kitap» 2017-жылы сотко арыз менен кайрылган.
Учурда бул соттук жараян жергиликтүү түрк басмаканаларынын чет өлкөлүк авторлордун чыгармаларын басып чыгуу боюнча иши мыйзамга ылайык келер-келбесин аныктоо жаатында жүрүп жатканы белгилүү.
Түркиянын мыйзамдарына ылайык чет тилден которулган эч кайсы чыгарма авторунун уруксаты жок басылбайт.
Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттери Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген «100 классикалык чыгарма» тизмесине кирген.
2018-жылды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү. Стамбул шаарында жазуучунун айкели да орнотулган. Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар. Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей жергиликтүү окуучуларга билим берет.
Чыңгыз Айтматов дүйнөдөгү көп окулган авторлордун катарына кирген. Жазуучунун чыгармалары 170ден ашык тилге которулган, жүздөн ашык мамлекетте окурмандары бар.
www.
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.