Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,256 Бардыгы / Укук коргоо органдарынан айтаарлык запкы жеген өзгөндүк блогер Бауржан КАДЫРБЕКОВ ушул тапта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. 32 жаштагы бойдок жигиттин ал-акыбалын сураштырганча, бейтапканада дароо кепке тарттык. – Бауржан мырза, деги саламатчылыгың жайында элеби? Неге жаш эле туруп минтип ооруп жатасыз? – 6-май күнү Өзгөн шаарындагы “Турсунбай Ата” дүкөнүнөн мөөнөтү […]
3,257 Бардыгы / Укук коргоо органдарынан айтаарлык запкы жеген өзгөндүк блогер Бауржан КАДЫРБЕКОВ ушул тапта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. 32 жаштагы бойдок жигиттин ал-акыбалын сураштырганча, бейтапканада дароо кепке тарттык. – Бауржан мырза, деги саламатчылыгың жайында элеби? Неге жаш эле туруп минтип ооруп жатасыз? – 6-май күнү Өзгөн шаарындагы “Турсунбай Ата” дүкөнүнөн мөөнөтү […]
БАУРЖАН КАДЫРБЕКОВ: “МИЛИЦИЯНЫН ҮСТҮНӨН ЭМИ ПРЕЗИДЕНТКЕ ДАТТАНАМ”
28.05.2019 / Автор aymak3,258 Бардыгы /
Укук коргоо органдарынан айтаарлык запкы жеген өзгөндүк блогер Бауржан КАДЫРБЕКОВ ушул тапта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. 32 жаштагы бойдок жигиттин ал-акыбалын сураштырганча, бейтапканада дароо кепке тарттык.
– Бауржан мырза, деги саламатчылыгың жайында элеби? Неге жаш эле туруп минтип ооруп жатасыз?
– 6-май күнү Өзгөн шаарындагы “Турсунбай Ата” дүкөнүнөн мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү видеого тартып жатканымда, капысынан эки жигит менен уруша кеткемин. Анткени, алар менин аброюма жана адамдык ар-намысыма шек келтирген сөздөр менен тилдешкен. Ошерден эле мен милицияга телефон чалгамын. Орган өкүлдөрү дароо жетип келишип, “Өзгөн РИИБге арыз менен кайрылыңыз?” дешип, а түгүл окуяны катташкан.
Эртеси мени жана дүкөндө айтышкан эки жигитти РИИБге чакырышты. Жетип барсам, тигил экөөнүн бирөөсү апасын кошо ээрчитип барыптыр. Милициялардын көзүнчө эле ал жигиттин апасы менен айтыша кеттим. Кызыгы: Өзгөн РИИБсынын кызматкерлери мени ошол аялдын арызынын негизинде эле 8-майда кармашып, анан коркунучтуу кылмышкерден беш бетер РИИБнун убактылуу кармоочу жайына дароо киргизишип, анда 13-майга дейре камап жатышты.
Күндө Өзгөн райондук сотуна алып барышат. Жолдо милиция кызматкерлери кадимкидей урушуп, күч дагы колдонушуп, каалаганын жасашты, эй! А түгүл өзүмдүн кийимдеримди башыма кийгизишип, далай ирет тумчуктурушту. Андан аркысын таптакыр билбеймин…
Баса, милиция кызматкерлеринин айтымында, Өзгөн районунун дагы төрт тургуну менен үстүмдөн “Биздин дүкөндөрдү видеого тартып, ыраазы кылбасаңар, интернетке чыгарып салам деп акча талап этүүдө” деп арыз жазышыптыр. Мен эч кимден бир тыйын дагы доолаган эмесмин! Ошого карабастан милиция кызматкерлери мени дагы сабашты. Анан ар кандай ыкмалар менен коркутуп-үркүтүштү.
– Мындай жосунсуз жоруктар туурасында жактоочуңузга, же көзөмөл органдарына, маселен, прокуратурага кайрылбадыңбы?
– Апам Пашахан Мураталиева менин атымдан көзөмөл органдарына – УКМКга, Ош шаардык прокуратурасына, ошондой эле Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматына убагында эле даттанган. Тилекке каршы, биздин арызыбызды эмдигиче териштирише элек. Өзгөндөгү дүкөндөрдүн өзүм билемдигин, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана азы-түлүктөрдү үстөккө-босток соодалап жатышкандыгын интернет аркылуу элге жайып, чындыктын түбүнө жетем деп моминтип өзүм балээге калып, саламатчылыгымдан дагы ажырап олтурам.
– Бауржан мырза. ылайым тезирээк сакайып кет! Бирок, ушул бойдон эле тынчып каласыңарбы?
– Алишер аке, сыркоолоп жатканымда тилектештик кылып атайын ооруканадан кабар алганыңыз үчүн чоң ыракмат! Албетте, муну менен эле мен биротоло тынчыбаймын. Блогерлик жумушумду мындан ары дагы токтоосуз улантамын. Коомубуздагы жат көрүнүштөрдү журтчулукка дагыле жар салып турамын.
Ал эми Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлеринин үстүнөн Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун өзүнө гана сөзсүз даттанам. Кудай буюруп, а киши жеке кабыл алып калса, булардын башка дагы жорук-жосундарын катуу ашкерелеймин. Мамлекет башчыбыздын жемкорлукка каршы аешосуз күрөшкөн саясатына ушинтип мен дагы өз салымымды кошмокчумун.
Акырында айтаарым, мени жараткандан башка бир дагы адам коркутуп, эркимди эч сындыра албайт! Тескерисинче, чыйралтышат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.