Аймак

БАЗАР-КОРГОН: ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУ МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮЛӨРДҮН ОРТОСУНДА КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАР ТОКТОЙ ЭЛЕК

БАЗАР-КОРГОН: ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУ МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮЛӨРДҮН ОРТОСУНДА КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАР ТОКТОЙ ЭЛЕК

 3,147 Бардыгы /

Дашман 2012-жылы Жаратылыш коругу болуп түзүлгөнгө чейин жергиликтүү тургундардан  200 дөй ижарачылар болуп, алар тиричилигин өткөрүп келишкен. Бүгүнкү күндө тургундар менен корукчулардын ортосунда карама-каршылыктар жок эмес. Бул тууралуу аталган жаратылыш коругунун жетекчиси Кочкорбай Калдарбаев билдирди.

-“Токойду сактап калыш үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп келет. Биздин негизги максат өзү чыккан токойду сактап калуу, коргоо эң башкысы. Азыркы учурда элдердин түшүнүгү жок болуп жатат. 2012-жылга чейин Дашманда жергиликтүү тургундардан 200 дөй ижарачылар болгон. Убагында жаңгак менен тиричилигин терметип келишкен, жайыттары болгон. Азыр мал жайып салып анан биздин жумушчулар менен элдердин ортосунда карама-каршы пикир жаралган учурлар бар. Ошондой эле, жаратылыш коругунун аймагында 40 жакын жер үйлөр бар эле. Эми алар эккен терек көчөттөрүн кыйып кеткенге, эгин эккени мыйзамга каршы келип калат. Мына ушундай жагдайлардын айынан жергиликтүү элдер канторубузга келип пикет уюштуруп, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп айтор кыйынчылыктар бар.  Ошого карабастан мыйзамсыз токой аянтын кыркуу катталган эмес. Ошондой эле, парка айландыруу маселеси да көтөрүлүп келет. Жакында эле  Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынан 50 дөй тургун ушул маселе менен борборго чейин барып келишти. Азырынча чечиле элек”.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу “Дашман” Мамлекеттик жаратылыш коругу 2012-жылы 12-июлда түзүлгөн. Жаңгак мөмө токойлорун сактоо максатында жаратылышты коргоочу илимий изилдөөчү мекеме катары түптөлгөн. Ядролук, буфердик жана чарбалык зонадан турат. Корук аймагында жогорку тамырлуу өсүмдүктөрдүн 662 түрү табылган, алардын 4 түрү кызыл китепке кирген. Ал эми канаттуулардын 80 түрү катталган. Сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген кумай, бүркүт, ылаачын, ак канаттуу тоңкулдак, суусар, чүткөр, энот жаныбарлары бар.

Учурда корукта жалпы 14 кызматкер эмгектенет, алардын алтоо кароолчулук милдетти аткарышат.

Роза АКМАТЖАН КЫЗЫ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17