Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,159 Бардыгы / Жалал-Абад шаарындагы Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарында кандай жумуштар жасалышы керек? Эмнеге тийиштүү иштер өз убагында аткарылбай жатат? Бул суроолорго жооп алуу максатында биз Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысынын орун басарыЖолдубай БОРКУЛОВго кайрылдык “8 миллион 490 миң 200 сомду күтүп жатабыз” -Эмне үчүн чөптөр жай мезгилинде эле саргайып баштайт? Эс […]
2,160 Бардыгы / Жалал-Абад шаарындагы Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарында кандай жумуштар жасалышы керек? Эмнеге тийиштүү иштер өз убагында аткарылбай жатат? Бул суроолорго жооп алуу максатында биз Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысынын орун басарыЖолдубай БОРКУЛОВго кайрылдык “8 миллион 490 миң 200 сомду күтүп жатабыз” -Эмне үчүн чөптөр жай мезгилинде эле саргайып баштайт? Эс […]
СЕГИЗ МИЛЛИОНДУ КҮТҮП, СУМСАЙГАН ЭС АЛУУ БАГЫ
10.06.2019 / Автор aymak2,161 Бардыгы /
Жалал-Абад шаарындагы Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарында кандай жумуштар жасалышы керек? Эмнеге тийиштүү иштер өз убагында аткарылбай жатат? Бул суроолорго жооп алуу максатында биз Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысынын орун басарыЖолдубай БОРКУЛОВго кайрылдык
-Эмне үчүн чөптөр жай мезгилинде эле саргайып баштайт? Эс алуу багы болгондон кийин кеч күзгө дейре жапжашыл болуп турушу керек эмеспи?
-Шаарыбыздагы эки чоң Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарын жакшыртуу боюнча иштер аткарылып келген, алдыга дагы пландар бар. Эс алуу багынын территориясында суу жетпеген жерлер бар. Быйыл суу жеткирүү үчүн 120 миң сом акча каражаты каралган, анын 50 миң сому Токтогул, 70 миң сому “Жеңиш” багы үчүн коротулат. Ал эми былтыркы жылы Токтогул паркында 47 жарыктандыруучу шам-чырактар, 36 отургуч, 16 таштанды урнасы жаңыланган. Аны менен катар 6 жерден суу чыгарылган. Ошондой эле, быйыл “Жеңиш” эс алуу багында 98 миң сомдук жумуштар аткарылууда. Анын алкагында 7 жерден суу чыгарылып, көк майсаң ( газон) эгилип, көчөттөр отургузулду. Мындай жумуштар дагы да уланат. Албетте, ушуну менен көйгөй чечилип калбайт. Эки эс алуу багына толук суу жеткирүү иштери бүтпөйт. Андан сырткары, дагы башка жумуштар аткарылышы керек.Бизде гранттык негизде каржылануучу 8 миллион 490 миң 200 сомдук долбоор бар. Ал 2020-жылга ишке ашуусу күтүлүп жатат. Эгер ушул каражат бөлүнүп калса, эки ири эс алуу багында бир топ жакшы жумуштар бүткөрүлөт эле. “Жеңиш” эс алуу багынын эки кире бериш тосмосу жаңыланмак. Ошондой эле 500 метр тротуар куруу, 27 отургуч коюу жана башка иштери каралган. Ал эми Токтогул эс алуу багында брусчаткаларын алмаштыруу иштери жүрмөк. Азыр Токтогул паркында фонтан бузулуп, иштебей турат, ал да жаңыланмак.Эң башкысы, эс алуу багынын бардык жерине чейин суу жеткирилип, чөптөр ошондо саргайбай, жашыл түсүн сактап калат.
-Эки эс алуу багында тең бирден кароолчу, багбан иштейт, төрт штаттык бирдик бар. Эгер багбандар бизге гүл эгебиз деп кайрылса, канча каражат кетерин айтса, каражатты бөлүп, караштырып беребиз. Гүлдү каерге, кантип эгет, ал багбандын иши.
-Кароолчу, багбан штаты болсо, тазалыкты ким көзөмөлдөйт?
-Буга чейин ар бир ижарачы өзүнүн территориясын тазалап келген. Ижарачыларга бөлүштүрө келгенде тазаланбай же шыпырылбай калган жер болбойт. Бирок, биз тазалоочунун штаттык бирдигин ачууну пландаштырып койгонбуз. Анткени атайын тазалоочу болсо, мындан да таза жоопкерчиликтүү мамиле болот. Быйылкы жылдан эмес, кийинки жылдан ишке ашып калат.
-Эки эс алуу багынан шаар казынасына канча пайда түшөт?
-Ижарачылардын саны өзгөрүп турат, ага жараша ижарадан түшкөн каражат да. Акыркы маалыматтар боюнча, Токтогул эс алуу багында 18 жеке ишкер иштейт. Алардан 1 миллион 462 миң 42 сом түшкөн, бул бир жылдагы сумма. Ошондой эле “Жеңиш” эс алуу багында 30 жеке ишкер иштейт жана бир жылда 1 миллион 729 миң сом каражат түшкөн. Ал жайда иштеген ишкерлер, мындан сырткары, мамлекетке салык датөлөшөт.
“Каражат болсо эле паркты гүлдөтүп салабыз”
Махмуджан ТАГБАЕВ, Токтогул эс алуу багынын багбаны:
-Чындыгында акчасына же айлыгына карап иштебейм. Ушул бактарды карап иштеген көңүлүмө жагат. Айылдан келип иштегендиктен, маянам жол киреге эле коройт. Мен жаңы ишке келгенде чөптөр саргайып, бактарды малак-курт басып кеткен экен. Аз-аздан тазалап, баарын ордуна келтирип жатабыз. Жаз айы ишембиликтер менен жакшы өтөт. Кийинки мезгилдерде, чындыгында, тазалоочу жоктугу көйгөй болууда, анткени айрымдар өздөрү иштетип жаткан аттракциондордун жака-белин жөндөп тазалап, кооз кылып отурушпайт. Эс алуу багында тазалоочу жок болгондуктан, ижарачылар абалды түшүнүп, нан таап жеп жаткан жерин тазалап турушу керек. Анан эмне үчүн гүл жок деп калдыңыз, быйыл аз гана жерге гүл эккенбиз. Бирок, ал деле акча, ар бир көчөттү сатып аласың. Мисалы, он миң сом берип койсун, роза гүлдөрдүн түрүн эгип өстүрөбүз. Эрте жаздан бизге ушул жайларда ушундай гүлдөр өссүн деп тапшырма берип, каражатын бөлүп коюшса, паркты гүлдөтүп салмакпыз.
Роза АКМАТЖАН кызы
Бүбүсара Орозалиева
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
07.05.2024 / Автор anarkan_kg КАДАМЖАЙЛЫКТАРДЫН 66,8 МИҢ ДОЛЛАРЫН АЛДАГАН АЯЛ КАРМАЛДЫ
-
-
-
-
-
05.02.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨР КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.