Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
МАНАС ШААРЫНДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,440 Бардыгы / Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат. Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. […]
1,441 Бардыгы / Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат. Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. […]
КАЗАКСТАНДА АТКЕЗЧИЛИК ҮЧҮН КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН ТУУГАНДАРЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ
10.06.2019 / Автор aymak

1,442 Бардыгы /
Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты.
Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат.
Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Ал сот ишти калыс караган жок деп эсептейт.
«Байкемдин жана анын жанындагылардын сотуна катышкан кишиге калыс чечим чыкпаганы даана көрүнүп турду, – дейт ал. – Сот калыс караган жок. Бир тараптуу карады. Биз адвокаттар аркылуу болгон далилдерди өткөрүп бердик. Анда байкемдин күнөөсүз экени так көрсөтүлгөн. Байкемдин жанынан чыкты деп айыптап жатышкан акчаны бирөөлөр жанына ыргытып коюшканын видеотасма аркылуу көрсөтүп бердик. Бирок аны далил катары тааныбай коюшту. Биздин эми күчүбүз жетпей калды. Башка өлкөдө жүргөндүктөн биздин укугубуз жетиштүү корголбой калды. Ушундан улам биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатабыз. Кыргызстандын тиешелүү органдары Казакстанга барып, биздин фактыларды көрсөткөнгө жардам беришин суранабыз», — деди ал.
Уланбек Мурадилов 2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2010-жылы Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Бул кызматта бир жылдан ашык иштегенден кийин «Мегаком» уюк байланыш компаниясынын Нарындагы филиалында, андан кийин Ошто иштеп келген.
Ал эми Чыңгыз Абакиров – Мурадиловдун өкүл баласы. Мектепти Нарын шаарынан аяктаган соң Бишкекте окуусун улантып, иштеп калган. Ал былтыр Казакстандан кармалганда келинчеги Мээрим Таалайбекова кош бойлуу болчу.
«Мен Чыңгыздын жубайы болом, – деди келинчеги. – Ал үч баланын атасы. Жолдошум кармалганда боюмда бар эле. Ал балам төрөлүп, 9 айлык болуп калды. Ата-энебиздин жашы өтүп калган, эжеси да экинчи топтогу майып. Үйдүн түйшүгү күйөөмдүн мойнунда эле. Акыркы жолу ага бирөө телефон чалган. Ошондо шашып чыгып кетти. Андан кийин Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганын уктук. Анын эч кандай күнөөсү жок, аны депутат Дамирбек Асылбек уулуна жана Уланбек Мурадиловго доомат коюу максатында чакыртып алышкан. Сот учурунда да ага эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок. Бирок ошого карабай аны да сот жообуна тартып, сегиз жылга мыйзамсыз камап коюшту», — деди ал.
24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов 10 жылга, Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган.
Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
-
-
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg 6-ОКТЯБРДА БОЛГОН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАЛПЫ 13 ИМАРАТ ЖАБЫРКАДЫ
-
28.10.2025 / Автор anarkan_kg САДЫР ЖАПАРОВ “КАРА-КӨЛ” ГЭСИнин АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.