Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,766 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 13-июнда “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата маалыматтык жыйын өттү. Жалал-Абад областтык кан борборунун директору ММКнын өкүлдөрүнө берген билдирүүсүнө ылайык бир донор төрт адамдын өмүрүн сактап калат. “Кыргызстанда 18 жаштан 60 жашка чейинки ден соолугу чың, эч кайсы оору менен оорубаган адам донор боло алат. Донормун деген адам […]
2,767 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 13-июнда “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата маалыматтык жыйын өттү. Жалал-Абад областтык кан борборунун директору ММКнын өкүлдөрүнө берген билдирүүсүнө ылайык бир донор төрт адамдын өмүрүн сактап калат. “Кыргызстанда 18 жаштан 60 жашка чейинки ден соолугу чың, эч кайсы оору менен оорубаган адам донор боло алат. Донормун деген адам […]
ДОНОР ЖӨНӨКӨЙ АДАМДАН 5 ЖЫЛГА КӨП ЖАШАЙТ
13.06.2019 / Автор aymak

2,768 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 13-июнда “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата маалыматтык жыйын өттү.
Жалал-Абад областтык кан борборунун директору ММКнын өкүлдөрүнө берген билдирүүсүнө ылайык бир донор төрт адамдын өмүрүн сактап калат.
“Кыргызстанда 18 жаштан 60 жашка чейинки ден соолугу чың, эч кайсы оору менен оорубаган адам донор боло алат. Донормун деген адам бул “менин каным таза демек, ден соолугум чың” дегенди билдирет. Швецарияда, Данияда жүргүзүлгөн иликтөөдө донор жөнөкөй адамдан 5 жылга көп жашаары такталган. Жөнөкөй адамдарга салыштырмалуу 5-6 эсе оорубайт. Булар эч качан депреция болбойт, патриоттук сезим менен жашайт” – дейт, Урматбек Боржуев Жалал-Абад областтык кан борборунун директору.
Донор болуу менен анча-мынча оорудан алыс болгон ардактуу донор Сүйүнбүбү Орозматова донор болгонуна эч нааразы эмес.
“Мен биринчи жолу1966-жылдан тартып кан тапшыргам. Анда бизден ар 3 айда кан алчу. Алгач балдар ооруканасында иштедим. Балдарга кан керек болуп калганда менин каным туура келип, ошондон улам донор болуп калгам. Ошентип жүрүп мен микро донор болдум. 1997-жылы Ардактуу донор статусуна ээ болдум. Мен донор болгонума эч нааразы эмесмин. Тескерисинче донор болуу менен мен өз ден соолугумду көзөмөлгө алып, оорулардан да алыс болдум десем болот. Биз канчалык оорулууларга жардам берсек, Жараткан да бизди ошончолук сүйөт” – дейт, С.Орозматова ардактуу донор.
Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата областта жыл сайын 14-июнда донорлорду сыйлоо иш-чарасы өтөт. Былтыркыдан өзгөчөлүгү катары быйыл ыктыярдуу донорлоду тартуу жагы каралганын белгилейт Кызыл Ай коомунун кызматкери Каныбек Кудайбердиев.
“Жалал-Абад областтык кан борбору менен биргеликте Кызыл Ай Коому 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата жыл сайын ар түрдүү ураан менен ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Быйыл “Бардыгы үчүн коопсуз кан!” ураанынын астында Барпы театрында областыбыздын аймагындагы ардактуу жана ыктыярдуу донорлорду сыйлоо боюнча иш-чара өтөт. Ошондой эле “КРде өз ыктыяры мнен Кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоору 2017-жылдан 2019-жылдын декабрь айына чейин улантылууда. Бул долбоордун негизги максаты, элдин ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүн жогорулатуу аркылуу жабыркагандардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү” – дейт, Каныбек Кудайбердиев Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкери.
Кошумчалай кетсек, 2005-жылы май айында Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 58-сессиясында 14-июнь – Бүткүл дүйнөлүк эл аралык донорлор күнү деп кабыл алынып, ошол күндөн баштап донорлор күнү деп белгиленип келүүдө.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17






You must be logged in to post a comment.