Аймак

БАЛДАР КАЙДА ЭС АЛЫШАТ?

БАЛДАР КАЙДА ЭС АЛЫШАТ?

 4,221 Бардыгы /

Област боюнча быйылкы жылы жалпы жаш балдар үчүн 15 эс алуучу лагери иштеп жатат. Алардын 10 күндүк баасы бери дегенде эле 3 000 сомдон башталат. Анда жардамга муктаж же каражаты жетпеген үй-бүлөлөрдүн балдары кантип эс алышат? Мамлекеттик кызматкерлердин балдарына жеңилдиктер барбы? Ошондой эле, аз камсыз болгон жана жетим балдарды кимдер эс алдырып келишет? Анда эмесе, жеткинчектердин жайкы лагерлери тууралуу азын-оолак маалыматты сунуштайбыз.

 

Эрнис БОРУБАЕВ, Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси: “БАЛДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУГА ДАЯРДЫКТАРДЫ КӨРҮП ЖАТЫШАТ”

-Бизге өкмөттөн жыл сайын протокол тапшырмасы келет. Балдардын жайкы эс алуусуна карата эс алуу лагерлеринин абалы боюнча протокол түзүлөт. Быйылкы жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу максатында 24-майда буйрук кабыл алып, 28-май күнү буйруктун негизинде штаб түзүлүп, ага лагерге тиешеси бар жетекчилер кирген. Штабдын негизинде тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө областтык профсоюздар тарабынан  5 млн 391 миң 960 сом бөлүнүп, 1450 балага акысыз жолдомо берилип жатат. Алар АПК же айыл-чарба кызматкерлеринин балдарына 2 млн 108 миң 177 сомдук 535 жолдомо, Билим берүү жана илим кызматкерлерине дагы 2 млн 260 миң 426 сомдук 603 жолдомо бөлүндү. Азыркы убакта жалпысынан алганда 2588 жолдомо даяр турат. Ал эми акылуу жолдомолор 3740 сомдон 3950 сомго чейин болот.

Лагерлердин даярдыктары тууралуу 15-июнга чейин тактап, маалыматтарды беришет. Азыркы учурда балдарды кабыл алууга даярдыктарды көрүп жатышат.  Андан сырткары жер көчкүлөрү, жерлерди тактоо жана маршруттар жөнүндө тапшырмалар берилди. Балдардын коопсуздуктарын жана медициналык кызматкерлер, дары-дармектер менен камсыз кылууга тапшырмалар берилди. 24- июндан эс алуу башталып, 3-4 патоктон болот. Быйылкы жылы  област боюнча жалпы 15 лагерь ишке киришет. Андан сырткары жолдомо менен гана токтоп калбастан,  жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен ата-энесиз, аз камсыз болгон балдар жөнөтүлөт. Мисалга алсак, Жалал-Абад жана Кара-Кол шаары өз эсебинен 100 баланы жөнөтүп турат.

Бегали ТАИРБЕК уулу, “Элим, барсыңбы?!” Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси: “БАЛДАРДЫ СЕМИНАРЛАР, КИТЕП ОКУУ, СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕР КҮТӨТ”

-Кароосуз калган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуу программасын жыл сайын уюштуруп келебиз. Кыргызстандын жети дубанындагы “Элим барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фондунун каттоосундагы  балдарды  5-күндүк программа менен эс алдырабыз. Эс алуу Ысык-Көлдөгү Сары-Ой аймагындагы “Барчын” эс алуучу лагеринде өтөт. Буга 7 жаштан 15 жашка чнейинки өспүрүмдөр катышат.  Балдар үчүн оюн-зоок, жарыштар, тажрыйбалуу психолог адистер менен семинарлар, китеп окуу, кыргыз эстрада жылдыздары менен жолугушуу, спорттук мелдештер күтөт. Бул акцияны негизинен жалпы мекендештер, жергиликтүү ишкерлер жана ишканалар колдоп, демөөрчүлүк кылат. Балдардын коопсуздугуна биздин фонд толук жооп берип, жоопкерчиликти алат. Ар жылы уюштурулган бул акцияга быйыл 200 дөй баланы алып барабыз. Айта кетсек, бул саамалыкты 2014-жылы баштап, анда 80 бала барса, 2015-жылы 160 баланы, 2016-жылы 180 баланы, 2017-2018-жылы 200 баланы алып барганбыз.

Гүлсара КАРИМОВА, “Түз багыт” коомдук фондунун өкүлү: “ЛАГЕРГЕ БАРЫП ЭС АЛУУ КЕРЕКТИГИН УНУТУШКАН БАЛДАР БАР”

-“Түз багыт” коомдук фонду түштүк региону боюнча   Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы ата-энесиз же толук эмес үй-бүлөлөрдөн 82 баланы карамагына алган. Аларды Көк-Жаңгак шаарындагы “Арууке” эс алуу лагерине 3 жылдан бери алып барып, ойнотуп келебиз. Лагерлер негизинен тоо-токойдун арасында болгону үчүн коопсуздугу мааниге ээ. Андан сырткары табияты дагы күнөстүү жерде жана жаңгак токойлору жакшы. Жаңгак токою зоб оорусу барларга жана йоддун жетишсиздигине аз да болсо пайдалуу болот.  Андан сырткары бээнин сүтүн үчүү мүмкүнчүлүгү болгондо, эгер ата-энеси макул болсо гана биздин ыктыярчылардын көзөмөлүндө ичет. Лагердин өзүнүн медайымы жана коопсуздукту көзөмөлгө алуучу  инспекторлор бар. Андан сырткары чогуу иштешкен лагердин жолдомолорун башка балдарга да 3500 сомдон алып бере алабыз.

Жылда “Түз багыт” коомдук фонду өзүнүн карамагындагы балдарды гана алып барчу. А быйыл ата-энеси бар балдарды дагы алып баруу боюнча сунуштар түшүп жатат. Чынын айтканда профсоюздун жолдомосуна көбүнчө эле мамлекеттик кызматкерлердин балдары илешет. Ал эми карапайым  элдин балдары лагерге советтер союзу токтогондон кийин барбай деле калышкан. Лагерге барып эс алуу керектигин унутушкан балдар бар. Ошондуктан биз калктын калың катмарындагы балдарга да басым жасадык. Балдарды эки вариантта алып бара турган болуп жатабыз. Биринчиси ата-энеси акчасын бере турган болсо,  калгандарын алып баруу үчүн учурда демөөрчү издейбиз. Демөөрчүлөрдү аттуу-баштуу, колу берешен азаматтарыбыздан жардам сурап, аракеттерибизди кылып жатабыз. Фонддун карамагындагы 82 балага, башка балдарды кошуп жалпысынан 100 баланы алып барууну пландаганбыз.

Кошумчалап айта кетчү нерсе лагердин программасы менен иштейбиз. Ал жердин программасы жакшы түзүлгөн. Мени менен кошо ыктыярчы тарбиячылар болуп, балдарды көзөмөлдөйбүз.

Абдибали ШАЙДИЕВ, «Сары-Челек» эс алуучу лагеринин жетекчиси: “БАШТООЧУЛАР БАЛДАРДЫ ТЫКЫР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫШАТ”

-Биздин лагерь Аксы районуна  караштуу Кызыл- Туу айыл аймагындагы Жалгын айылында жайгашкан. Сары-Челекке кире бериште Жылгын айылында мурун туристтик база болгон экен. Сары-Челек көлүнөн 25 километр алыстыкта турат. Биз жылда балдарды эс алууга кабыл алып келебиз. Лагердин сыйымдуулугу 200 балага ылайыкталып, 3 бөлүк менен кабыл алабыз. Балдарды 25-июндан кабыл алууну пландап турабыз. 7-14 жашка чейинки өспүрүмдөрдү кабыл алып, жолдомону 3716 сомдон 10 күнгө беребиз. Бул сумма негизинен профсоюз тарабынан бекитилген баа.

Лагерге долбоорлор менен келгендер да бар, былтыры келген эле, быйыл да келсе керек деп ойлойм. Алар өздөрү уюштуруп, каражат таап англисче сабактарды уюштурушат. Биз башка эс алуу жайларындай эле тартип менен сабактарды өтөбүз. Баланын санына карап 10 го чукул баштоочулар болот. Балдарды тыкыр көзөмөлгө алып, жакшы карашат.

Бизде кооз жерлерибиз аябай көп болгондуктан, балдар үчүн саякаттарды уюштурабыз. 10 күн дем алуунун ичинде 4 же 5 күнүндө саякатка чыгып, көрүп келишет. Бир күнү атайын Сары-Челекке да алып барабыз.

 

Жайгашкан жери, дареги (район/шаар, айыл аймагы, айылы) Менчик түрү (мамлекеттик, муниципалдык, менчик) Лагердин аталышы, жетекчисинин аты- жөнү, байланыш телефону
1 Аксы району Кызыл- Туу айыл аймагы, Жалгын айылы Менчик, профсоюздун эсебинен «Сары-Челек»,  Абил Шайдиев,

0770 574432

2 Базар-Коргон району Арстанбап айыл өкмөтү ведомстволук, АО «Кыргызнефтегаз» д/л «Зорька»,

Бакыт Арапбаев,

0772 370551

3 Ноокен району, Тоскоол-Ата т/ч, Алаш токойчулугу Менчик, келишимдин негизинде, профсоюз «Алаш-Ата»,

Акрам Сакиев,

0772 434458

4 Сузак району, Көк- Жангак шаары Муниципалдык, профсоюз «Арууке»,

Гулпари Баймуратова,

0770 353004

5 Токтогул району, Жаңы-Жол айыл аймагы, Чычкан капчыгайы Ведомстволук, профсоюздун эсебинен «Өйүш-Булак» А. Кадыркулов,

0707 111910

6 Кара-Көл шаары Муниципалдык, профсоюз «Кайынды»,  Рахат Тагаева

0772 62 86 25

7 Чаткал району, Каныш- Кыя айыл аймагы Муниципалдык, профсоюз “Жеткинчек”,  Азима Шекебаева

0778 931807

8 Базар-Коргон району, Арстанбап айылы Ведомстволук (Жалал-Абад ОИИБ) ДОЦ «Келечек»,  Ырыскан Калыгулова,

0772 685865

 

Профсоюз АПК

1 Аксы району, Кашка- Суу айыл аймагы, Жайык Профсоюз АПК «Кашка-Суу»  Эсен Темирбеков,

0779 475552

2 Ала-Бука району, Ак- Там айыл аймагы, Чанач-Сай Профсоюз АПК «Жоогазын»,  С Жаназарова.

0772 959837

3 Базар-Коргон району, Арстанбап айыл аймагы Профсоюз АПК “Достук”  Рахат Курбаналиева 0777341692
4 Сузак району, Кыз-Көл айыл аймагы, Жылан- Темир Профсоюз АПК «Достук»,  Ынак Айдаров

0778 096621

5 Токтогул району, Жаңы-Жол айыл аймагы, Чычкан капчыгайы Профсоюз АПК «Өйүш-Булак» А. Кадыркулов,

0707 111910

 

Муниципалдык жана балдар кабыл алуучу эс алуу жайлары

1 Сузак району, Кара- Алма айыл аймагы Муниципалдык, Жалал-Абад БББ «Алтын балалык»,  Турдукан Аманова 0778 756726
2 Базар-Коргон району, Арстанбап пансионаты Мамлекеттик профсоюз “Жеткинчек” А. Алыкулова

0772 221207

3 Базар-Коргон району, Арстанбап турбаза Мамлекеттик профсоюз “Турбаза”  Хошим Атакозиев

0773 106405

 

Акылай КАРАБАЕВА, “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17