Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,763 Бардыгы / “Жаштар үчүн чек ара жок!” аталышындагы жаштар фестивалынын кезегин Жалал-Абад уюштуруп, бүгүн ачылуу аземи өттү. Бул фестиваль буга чейин Фергана жана Ош областтарында өткөн. 20-22-июнь күндөр аралыгында өтүүчү бул фестивалга чек арага жакын областтардын жаштарынын лидерлери Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана областтарынан жана Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын жер-жерлеринен келген жаш активисттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, […]
2,764 Бардыгы / “Жаштар үчүн чек ара жок!” аталышындагы жаштар фестивалынын кезегин Жалал-Абад уюштуруп, бүгүн ачылуу аземи өттү. Бул фестиваль буга чейин Фергана жана Ош областтарында өткөн. 20-22-июнь күндөр аралыгында өтүүчү бул фестивалга чек арага жакын областтардын жаштарынын лидерлери Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана областтарынан жана Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын жер-жерлеринен келген жаш активисттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА “ЖАШТАР ҮЧҮН ЧЕК АРА ЖОК!” ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ
20.06.2019 / Автор aymak

2,765 Бардыгы /
“Жаштар үчүн чек ара жок!” аталышындагы жаштар фестивалынын кезегин Жалал-Абад уюштуруп, бүгүн ачылуу аземи өттү. Бул фестиваль буга чейин Фергана жана Ош областтарында өткөн.
20-22-июнь күндөр аралыгында өтүүчү бул фестивалга чек арага жакын областтардын жаштарынын лидерлери Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана областтарынан жана Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын жер-жерлеринен келген жаш активисттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
“Биз Өзбекстан менен акыркы жылдары карым-катнашыбыз бир топ жакшырып, бир канча жолугушууларды, ар түрдүү иш-чараларды биргеликте уюштуруп келүүдөбүз. Эми биз мынтип жаштардын достугун бекемдеп, бири-бири менен карым-катышы күчөсүн деген максатта жаштардын фестивалын уюштуруп жатабыз. Бул фестиваль үчүнчү ирет өтүп жатат. Буга чейин Фергана жана Ош областтарында өткөн. “Жаштар үчүн чек ара жок!” фестивалы чек арага жакын аймактардын арасында өтүп жатат. Бүгүнкү иш-чаранын алкагында жаштар кичи тайпаларга бөлүнүп, жаштарга тиешелүү багыттар арасында пикир алмашуулар жүрөт. Жыйынтыгында баары чогулушуп, биргеликте кандай иш-чараларды уюштурууга болорун талкуулашат. Ал эми эртең Токтогул районунда улантылып, кызыктуу иш-чаралар коштомокчу” – дейт М.Акматов Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары.
“Жаштар үчүн чек ара жок!” аталышындагы фестивалга коңшу өлкөдөн 30 адамдан турган делегация келип, пикир алмашып, тажрыйба бөлүшмөкчү.
“Бул фестивалга Өзбекстандан 30 адамдан турган делегация келдик. Мында келген жаштар спорт, маданият, билим тармактарынын эң алдыңкылары десек болот. Өтүп жаткан бул фестивалда эки тараптын тең жаштары бири-биринин мыкты жактарынан өрнөк алып, келечекте жакшы иш-чараларды биргеликте өткөрөбүз деген жакшы ниетте келдик. Эки мамлекеттин ортосундагы алып барылып жаткан ар тараптуу байланышты мына ушул жаштардын катышуусунда болуп жатканы баарыбызды кубантат. Бизди жылуу мамиледе тосуп алган кыргыз элине жана досторубузга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз ” – дейт, Элербек Матисаков Андижан областынан келген өкүл.
Кошумчалай кетсек, аталган фестиваль 21-22-июнь күндөрү Токтогул районунда улантылып, ар түрдүү спорттук иш-чаралар, сувенирлерди кийизден, чий сокмо менен жасоону үйрөтүүчү мастер-класстар, улуттук буюмдардын жана тамак-аштардын көргөзмөсү коюлуп, Токтогул атындагы музейге жана Т.Сатылгановдун үй-музейине экскурсия уюштурулмакчы.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫРЫЛДЫ
-
10.01.2025 / Автор anarkan_kg ТУРАК ЖАЙДЫ ӨРТТӨН САКТАГЫЛА
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.