Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,505 Бардыгы / Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында анын тарапкерлеринин штабы түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, учурда экс-президенттин үйүнүн жанындагы көчө боюнда бир нече боз үй тигилип, эл топтолуп жатат. Турдукулов штаб «мыйзамсыздыкка» каршы түзүлгөнүн кошумчалады. Ал мындай кадамга […]
1,506 Бардыгы / Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында анын тарапкерлеринин штабы түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, учурда экс-президенттин үйүнүн жанындагы көчө боюнда бир нече боз үй тигилип, эл топтолуп жатат. Турдукулов штаб «мыйзамсыздыкка» каршы түзүлгөнүн кошумчалады. Ал мындай кадамга […]
КОЙ-ТАШТА АТАМБАЕВДИН ТАРАПКЕРЛЕРИНИН ШТАБЫ ТҮЗҮЛГӨНҮ КАБАРЛАНДЫ
26.06.2019 / Автор aymak

1,507 Бардыгы /
Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында анын тарапкерлеринин штабы түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.
Анын айтымында, учурда экс-президенттин үйүнүн жанындагы көчө боюнда бир нече боз үй тигилип, эл топтолуп жатат.
Турдукулов штаб «мыйзамсыздыкка» каршы түзүлгөнүн кошумчалады. Ал мындай кадамга Башкы прокуратуранын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна берген бүтүмү себеп болгонун, мурдагы президенттин үйүндө басма сөз борбору да ачылганын айтты.
Бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмдү караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады. Алар – «Кой-Таштагы үйүнүн жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар.
Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.
Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу ушул шаршембиде же бейшембиде жалпы сессияда каралмай болду.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп, анда сүйлөгөн сөзүндө өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Ал сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялады. Саясат талдоочулар мурдагы президенттин кескин билдирүүсү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна терс таасир тийгизерин эскертип, бийлик менен оппозицияны ымалага келүүгө чакырып жатышат.
Алмазбек Атамбаев катышкан жыйын буга чейин КСДПнын кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» имаратынын алдында да өткөн.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
-
07.06.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
-
25.02.2026 / Автор anarkan_kg Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
-
09.03.2026 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МУНАЙ ШАХТАСЫНДА ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛУП, БИРӨӨ АМАН КУТКАРЫЛДЫ
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДАГЫ ЗАВОД КЫШ ЖАНА ГАЗОБЛОК ӨНДҮРӨТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.