Аймак

ДУШАНБЕ ТҮРМӨЛӨРҮНДӨ БАШАЛМАНДЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛЫНГАНЫ АЙТЫЛУУДА

ДУШАНБЕ ТҮРМӨЛӨРҮНДӨ БАШАЛМАНДЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛЫНГАНЫ АЙТЫЛУУДА

 1,482 Бардыгы /

Душанбе шаарындагы №1 түрмөдө отурган 20 киши жапырт башаламандык уюштурууга ниеттенген. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгындагы өз булагы билдирди.

Бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

19-майда Вахдат түрмөсүндө чыккан тополоңдон кийин Тажикстандагы түзөтүү мекемелери текшерүүгө алынган.

«Биринчи түрмөдө тополоң уюштургусу келген 20 соттолуучу өзүнчө жайга которулду. Алардын баары экстремизм айыбы менен узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Соттолуучулар тополоңго жакшылап даярданышкан – жашыруун жайдан арматура жана темир-тесектин бөлүктөрү табылган», – деген өз булак.

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Бул арада №7 түрмөдө да тополоңго даярдык көрүлгөнү айтылууда. Бирок шектүүлөрдүн күнөөсү далилдене элек.

19-майда Душанбеден 15 чакырым алыстыктагы колонияда чыккан тополоңдо Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” үч мүчөсүнүн жана түрмөнүн үч сакчысынын өмүрү кыйылган.

​ Былтыр ноябрь айында Кожент шаарындагы түрмөдө да тополоң чыгып, абакта жазасын өтөп жаткан 21 киши жана эки түрмө сакчысы каза тапкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17