Аймак

 1,276 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАНДА БОЛБОЙ КАЛГАН КОНЦЕРТ ҮЧҮН БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАЯНАЛАРЫНАН АКЧА КАРМАП КАЛЫШТЫ

Фергана облусунун Кокон шаарында банк жана салык кызматкерлеринин айлык акыларынан болбой калган кайрымдуулук концерти үчүн акча кармап калышкан. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы билдирди.

28-майда Кокондун борбордук стадионунда эстрада ырчыларынын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтмөк. Билеттерди сатуудан түшкөн каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө берилмек. Бирок белгисиз себептерден улам концерт болбой калган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, шаардагы банк кызматкерлерине – 60, базар жана соода комплексинде иштегендерге – 852, салык өкүлдөрүнө – 1020 билет мажбурлап таратылган. Бир билеттин баасы 2652 сум (0,3 доллар) турат.

Кокон шаарындагы айрым банк кызматкерлеринин айтымында, кайрымдуулук концертин калаа администрациясы демилгелеген.

Бирок шаар бийлиги бул маалыматты четке какты. Кокон администрациясы кайрымдуулук концертин өкмөттүк эмес уюм уюштурганын, сатылган билеттердин акчасын кайтарууга жардам берерин билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17