Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,643 Бардыгы / ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежине “Эл аралык” деген макам ыйгарылды. Мунун негизги себебин аталган окуу жайдын директору, Кыргызстандын медициналык коллеждер бирикмесинин төрагасы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Өзгөнбай СТАНБАЕВдин өзүнөн сураштырдык. – Өзгөнбай мырза, ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежине “Эл аралык” деген макам бекеринен ыроолонбосо керек? – Албетте. Муну үчүн ОшМУнун ректораты жана ОшМУнун Өзгөн […]
1,644 Бардыгы / ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежине “Эл аралык” деген макам ыйгарылды. Мунун негизги себебин аталган окуу жайдын директору, Кыргызстандын медициналык коллеждер бирикмесинин төрагасы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Өзгөнбай СТАНБАЕВдин өзүнөн сураштырдык. – Өзгөнбай мырза, ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежине “Эл аралык” деген макам бекеринен ыроолонбосо керек? – Албетте. Муну үчүн ОшМУнун ректораты жана ОшМУнун Өзгөн […]
ӨЗГӨНБАЙ СТАНБАЕВ: “СТУДЕНТТЕРДИ ОКУУГА КАБЫЛ АЛУУ ОН-ЛАЙН РЕЖИМИНДЕ ГАНА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ”
05.07.2019 / Автор aymak

1,645 Бардыгы /
ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежине “Эл аралык” деген макам ыйгарылды. Мунун негизги себебин аталган окуу жайдын директору, Кыргызстандын медициналык коллеждер бирикмесинин төрагасы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Өзгөнбай СТАНБАЕВдин өзүнөн сураштырдык.
– Өзгөнбай мырза, ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежине “Эл аралык” деген макам бекеринен ыроолонбосо керек?
– Албетте. Муну үчүн ОшМУнун ректораты жана ОшМУнун Өзгөн шаарындагы медициналык коллежинин эмгек жамааты акыркы жылдарда абдан катуу аракеттендик. Эми биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстандын эле эмес дүйнө жүзүнүн бардык булуң-бурчунда иштегенге ыңгайлуу шарттар жаратылды. Анткени, биздин диплом бардык жерде жарактуу.
– Ошого жараша контракт акысы деле кыйла эле көтөрүлгөндүр?
– ОшМУнун Өзгөн шаарындагы Эл аралык медициналык коллежинде контракт акысы 29-30 миң сом. Албетте, аймактардын жана рыноктун шартында бул жеңилдетилген гана төлөм. Студенттер мынча каражатты мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бөлүп-бөлүп эсептешсе деле болот.
– Ошентсе деле талапкерлерди студенттикке иргөөдө адатка айланган жана каныбызга биротоло сиңип калган жемкорлук, паракорлук жана тааныш-билишчилик дагыле тыйылчудай эмес?
– Алишер, мен мындай күмөн саналоорго таптакыр кошулбаймын! ОшМУнун Өзгөн Эл аралык медицина коллежине деле он-лайн режиминде студенттерди окууга кабыл алуу тартиби киргизилди. Мындан тышкары он-лайн режими кышкы жана жайкы сессияларды дагы тапшырууда байма-бай колдонулуп жатат. Дал ушунун өзү адам факторун (студент жана окутуучунун түз байланышын) дээрлик жок кылды. Демек, жанагыл жосунсуз жоруктар жалпысынан тыйылды десем эч жаңылышпаймын!
– Айтмакчы, ОшМУнун Өзгөн Эл аралык медицина коллежин бүтүргөндөрдү жумуш менен камсыз кылуу дагыле башыңыздарды оорутуп жатса керек?
– Жо-жок! Жыл сайын биздин коллежди жүз чакты адис аяктайт. Өзгөн, Кара-Кулжа райондук, Оштогу облустар аралык ооруканалары, бир катар ФПАтар менен ийиндеше тыгыз иштешип жатабыз. Ошондуктан, бүтүрүүчүлөрдүн бардыгына тең жумуш табылат.
Ал эми мобул Эл аралык макам ыйгарылгандан бери биздин окуу жайыбызды бүтүргөндөр каалаган жагына жана өлкөсүнө барып иштөөгө чоң мүмкүнчүлүк гана түзүлүп олтурат.
– Өзгөнбай мырза, Сиз Кыргызстандагы медициналык коллеждердин Биримдигинин дагы төрагасы эмессизби. Андыктан, өлкөбүздөгү медициналык орто окуу жайларынын санын кескин түрдө кыскартууга дегеле позицияңыз кандай?
– Өлкөбүздө биздин эсебибизде 28 медициналык коллеж бар экен. Кичинекей Кыргызстан үчүн бул, албетте, оголе көп. Ошондуктан,Кыргызстандагы медициналык коллеждердин Биримдиги сандан сапатка өтүүнү Кыргыз Өкмөтүнө өзүбүз сунуш этип, дал ушул тапта ушунун үстүндө абдан күрдөөлдүү иштеп жатабыз. Буга ылайык медициналык коллеждерге мамлекеттик лицензия берүү тартибин дагы татаалдаштырдык жана абдан күчөттүк.
Мындан тышкары жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) өтүү босогосун 110 баллдан дагы ылдыйлатууну Билим берүү жана илим министрлигине үстөккө-босток демилгелеп жатабыз. Анткени, мындай кадам жемкорлукка биротоло чекит коет. Анан дагы студенттер аймагына карабастан каалаган медициналык коллежинде билим алуусуна ыңгай гана жаратат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.