Аймак

«МУРАС» ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА ДАЯРДАП ЖАТАТ

«МУРАС» ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА ДАЯРДАП ЖАТАТ

 5,358 Бардыгы /

Кыргызстандын кокту-колотуна дейре окуу жайлары козу карындай жайнап кетпедиби. Тилекке каршы, булардын басымдуулугу мезгил талап кылган адистерди таптакыр эле даярдабай калышты. Бул жагынан Ош шаарындагы «Мурас» инновациялык колледжи замандын күрөө тамырын кармай билип, өтө зарыл кесипкөйлөрдү гана ыкчам белендегенге өтө бекем ыктады.

Мадина БЕКТЕМИРОВА, «Мурас» инновациялык колледжинин 3-курсунун студенти:

 – Өзүм Алай районунун Жошолу айылынан болом. Бул кесипти, башталгыч класстардын мугалимин, ата-энем тандаган жок. Өзүм эле чын дилимден иргедим. Анткени, Кыргызстандын келечеги – бүгүнкүсү жана эртеңкиси жаштардын гана колунда. Ошондуктан, аларга заманбап билим, ошондой эле татыктуу тарбия берүүбүз кажет! Мен билгенден, көз тийбесин, «Мурас» инновациялык колледжинде жалаң гана ушундай активист агартуучулар иштешет экен.

Шахназ НУРДАНБЕК кызы, «Мурас» инновациялык колледжинин студенти:

 – Тээ алыскы Кара-Кулжа районунун Терек-Суу айылынан болом. Кичинемден эле педагог болууну аябай эңсечүүмүн. Абдан өжөр элем. Ошол максатыма эми гана жеттим. Бүгүнкү күндө Кыргызстан ар тараптуу кризиске кептелбедиби. Мындан бизди билимдүү жана идиректүү жаштар гана жакынкы жылдарда куткараарынан менин эч шегим жок!

Хымыя РАЙЫМКУЛОВА«Мурас» инновациялык колледжинин кыргыз тилин окутуу усулу мугалими, Эл агартуунун мыктысы:

 – «Мурас» инновациялык колледжинде жети жылдан бери эмгектенем. Заман талабына жараша студенттер дагы ыкчам өзгөрүлүп, окутуучулардын жоопкерчилиги дагы ого бетер күчөдү. Биз деле өзүбүздүн үстүбүздөн тынымсыз иштеп, чыгармачылык менен гана изденип-мээнеттенүүгө ыктадык. Ошого жараша окуу жайыбызда мыкты шарттар жаратылган. Издеп убара чекпейбиз, баары тең өзүбүздө.

– Азырынча үч кесиптин ээлерин (башталгыч класстар мулалимин, бала бакчалардын тарбиячыларын, социалдык кызматкерлерди) гана абдан кыска мөөнөттө сапаттуу белендеп жатабыз, – деди – Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы «Мурас» инновациялык колледжинин негиздөөчүсү жана ээси Махабат КАРАЕВА.

– Буга улайI-С бухгалтердик эсепке, ошондой эле компьютердик сабаттуулакка дагы окутуп атабыз. Анан окуучуларды ЖРТ (жалпы республикалык теситирлөө) тапшырганга өтө катуу белендейбиз. Чач тарачтарды, тигүүчүлөрдү кошо даярдайбыз. Мындан тышкары кытай, орус, англис тилдерин дагы окутабыз. Бара-бара тармагыбызды кеңейтип, ашпозчуларды, кондитерлерди, официант-бармендерди дагы даярдамакчыбыз. Чеберчиликке, кийим-кечелерди моделдегенге, үй чарбачылыгын уюштурганга, газ жана электр ширеткенге кошо үйрөтөбүз.

Баса, аталган окуу жайы адегенде мындан он жыл мурда 2009-жылы Оштогу орто кесиптик билим берүүчү колледж катары гана негизделген. Ал эми 2018-жылы  «Мурас» инновациялык колледжи болуп өзгөртүлгөн. Ушул тапта коллежде жети адистик боюнча 700дөн ашуун студент билим алып жатышат. Алар үчүн зарыл шарттардын бардыгы жаратылган. Контракттын акысы дагы дээрлик арзандатылган. Башталгыч класттардын мулгалимине окугандар 17 миң сом, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары 16 миң сом, ал эми социалдык кызматкерлери адистигине тапшыргандар 14 миң сом гана контракт төлөшөт. Майыптар, тоголок жетимдер контракт төлөмдөрүнөн толук бойдон бошотулат. Жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен аймактардан келишкен улан-кыздарга дагы атайын комиссиянын чечимине ылайык 30 пайыз жеңилдиктер каралган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17