Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1,168 Бардыгы / 2010-жылдагы Июнь окуясында улуттар аралык кастыкты козуткан сепаратист деп күнөө тагылган Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы мүлктөрү эмне болгон. Сот органдары аркылуу анын байлыктары конфискацияланып мамлекетке өткөрүлүп берилген. 2015-жылдын февраль айында Элдик мамлекеттик ишканасы түзүлүп, К. Батыровдун мүлктөрүн карамагына алган. Аталган ишканага К.Батыровдун 25 мүлкү өткөрүлүп берилген. Алар мүлктөрдү ижарага берип иштетүү аркылуу өзүн каржылап, […]
1,169 Бардыгы / 2010-жылдагы Июнь окуясында улуттар аралык кастыкты козуткан сепаратист деп күнөө тагылган Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы мүлктөрү эмне болгон. Сот органдары аркылуу анын байлыктары конфискацияланып мамлекетке өткөрүлүп берилген. 2015-жылдын февраль айында Элдик мамлекеттик ишканасы түзүлүп, К. Батыровдун мүлктөрүн карамагына алган. Аталган ишканага К.Батыровдун 25 мүлкү өткөрүлүп берилген. Алар мүлктөрдү ижарага берип иштетүү аркылуу өзүн каржылап, […]
К.БАТЫРОВДУН МҮЛКТӨРҮ АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРГӨ БЕРИЛЕБИ ЖЕ МЕНЧИКТЕШТИРИЛИП КЕТЕБИ?
16.09.2019 / Автор aymak

1,170 Бардыгы /
2010-жылдагы Июнь окуясында улуттар аралык кастыкты козуткан сепаратист деп күнөө тагылган Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы мүлктөрү эмне болгон. Сот органдары аркылуу анын байлыктары конфискацияланып мамлекетке өткөрүлүп берилген. 2015-жылдын февраль айында Элдик мамлекеттик ишканасы түзүлүп, К. Батыровдун мүлктөрүн карамагына алган. Аталган ишканага К.Батыровдун 25 мүлкү өткөрүлүп берилген. Алар мүлктөрдү ижарага берип иштетүү аркылуу өзүн каржылап, өлкө казынасына пайда алып келген мамлекеттик ишкана болуп түзүлгөн. Тилекке каршы Элдик мамлекеттик ишканасы 25 объектинин баарын эле ижарага берип пайда алып келе алган жок. Айрым гана завод-фабрикалары ижарага берилип иштетилген менен алардын бир катары менен ижара өндүрө албай соттошуп жүргөндөрү да бар. Алэми дагы бир топ мүлктөрү тонолуп, бүгүнкү күндө ээнсиреп жатат. Ошентсе да элдик мамлекеттик ишканасы бир жылда өлкө казынасына 2 миллион 800 миң сом таза киреше алып келген.
Төмөндө учурда бүт тонолуп ээнсиреп жарксыз жаткан мулктөрүнүн тизмеси түзүлгөн. Аны Элдик мамлекеттик ишканасы жергиликтүү айыл өкмөттөргө өткөрүп берүү боюнча Мамлекеттик мүлк фондуна жана айыл өкмөттөргө кат менен кайрылышкан. Азырынча бир гана Таш-Булак айыл өкмөтүнөн караштырып жатабыз деген жооп келген.
- Базар-Коргон районундагы жер аянты 2,64 гектар болгон мөмө-жемиш сактоочу кампа.
- Жалал-Абад шаарынын Мелочный көчөсүндө жайгашкан жер аянты 27 сотых болгон бассейн
- Жалал-Абад шаарынын Мелочный көчөсүндө жайгашкан жер аянты 1,73 гектар болгон кирпич заводу. Бул жерде 3 кирпич заводунун территориясы жалпы 5 гектарды түзөт.
- Жалал-Абад шаарынын Аликошевой көчөсүндө жайгашкан жер аянты 1,1 гектар болгон өндүрүштүк база
- Жалал-Абад шаарынын Аликошевой көчөсүндө жайгашкан жер аянты 31 гектар болгон өндүруштүк база. Учурда сот иштери бар.
- Жалал-Абад шаарынын өндүрүштүк зонасында жайгашкан 5,4 гектар болгон бетон сарай кампалары деп жазылган дарек, бирок учурда тургундар отурукташып жер үйлөр салынып турат.
- Ош аеропортунда турган учууга жараксыз болгон Яксор самолёт. Окутуу үчүн көргөзмө катары колдонсо болот.
- Сузак районунун Дмитревка айылында жайгашкан 7 сотых жер
- Сузак районунун Масадан айылында жайгашкан 9 сотых жер
- Сузак районунун Таш-Булак айылында жайгашкан 12 сотых жер
- Таш-Булак айыл аймагынын Эшме айылында жайгашкан 60 сотых кайракы жер аянты
- Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы 170 метр кв болгон жер тилкеси. Бул экс-президент Курманбек Бакиевдин Көк-Жаңгак шаарына жакын жайгашкан дачасы.
Бул аталган жайлар убагында дүркүрөп иштеген менен кийин мамлекеттин карамагына өткөндөн баштап сакталып калган эмес, тескерисинче бүгүнкүгө дейре ээн калган.
Ал эми Элдик мамлекеттик ишканасы өзүнүн карамагында калтырып, ижарага берүү аркылуу мамлекетке пайда келтиребиз деген мүлктөрүнүн тизмеси төмөндөгүлөр.
- Жалал-Абад шаарынын өндүрүштүк зонасында жайгашкан, аянты 5,85 гектар болгон таш майдалоочу заводу.
- Ушул эле өндүрүштүк зонада жайгашкан асфальт чыгаруучу заводу
- Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан мурдагы КСП заводу
- Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан мектеп лицейи
- Жалал-Абад шаарындагы Олимпийский көчөсүндөгү жер тилкеси. КПК ишканасы ижарага алган.
- Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан 1,04 гектар жер аянты
- Ленин көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү квартира
- Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан 200 орундуу бала бакча
- Жалал-Абад шаарынын Абдыраманов көчөсүндө жайгашкан спорттук бассейн
Ошондой эле буга чейин Арстанбап айыл аймагында жайгашкан пансионаты 2019-жылдын май айында Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына официалдуу түрдө өткөрүлүп берилген. Андан сырткары Акман айыл аймагында жайгашкан жер үйү жана Базар-Коргон айыл аймагындагы жер үйү аталган айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрүлүп берилүү алдында турат.
Жогоруда сөз болгон учурда ээн жаткан мүлктөрдү жергиликтүү бийликтер өз карамагына алып, өлкө пайдасы үчүн иштете алышабы же баш тартышабы аны убакыт көрсөтөт. Ал эми Элдик мамлекеттик ишканасы аларды ижарага берип иштете алган жок.
Автор aymak
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
-
05.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШТО ЭСЕП ПАЛАТАСЫНЫН БАШКЫ ТЕСКӨӨЧҮСҮ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg «АГРОЗООВЕТ» КЕРБЕНИ ӨЗГӨНДӨ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.