Аймак

АК ЭМГЕКТҮҮ, БААЛАНБАГАН МЭЭНЕТ ЭЭЛЕРИ  

АК ЭМГЕКТҮҮ, БААЛАНБАГАН МЭЭНЕТ ЭЭЛЕРИ   

 2,936 Бардыгы /

“Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасы өз дареметине жараша шаар тазалыгы үчүн кызмат кылып келүүдө.  Калаанын тазалыгы  ушул эмгекчил ишкананын мээнетинин натыйжасы экени чын. Ошондой болсо да бул мекеменин ишмердүүлүгүнө ар кандай сын-пикирлер айтылып келет. Жагымсыз, туралгыз жыттарды искеп эмгек кылып, тургундардын орой мамилесин да көтөрүшөт.  Урна орнотулган жерден мурунду бекитип айланып өткөн кезде, булар ак эмгеги, арзыбаган маянасы менен ошол жерди тазалап ырыскы табат. 

Тазалык – бул ыймандан демекчи – бул кызмат ээлерине редакциябыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз жана шаар тургундарын тазалыкка чакырабыз. Тазалык тазалаган жерде эмес, таза сактаган жерде экенин унутпайлы…

Элдияр ТОРОКУЛОВ, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчиси: 

-2019-жылдын 1-мартынан баштап көрктөндүрүү ишканасынан 30 көчө шыпыргыч, бир айдоочу бизге кошулду. Штатта жалпы 122 адам иштеп жатат. Шаар аралык көчөлөрдү, тротуарларды, жол четиндеги арыктарды (лотокторду) күнү-түнү шыпырган 30 кызматкер бар.15 адам эрте менен таңкы саат 04:00дө ишке чыгып, 13:00дө аяктайт. Булар Чехов, Ж.Бакиев, Н.Айтматова, Ленин ж.б., көчөлөрүн шыпырып-тазалап,  саат 8ге чейин бүтүрүшөт. Экинчи топ эрте менен 8де келип, Ленин көчөсүнөн тартып 4 аймактык башкармалыкты тазалап, чөптөрүн кырып, кечки 17:00гө чейин иштешет. Аларга атайын унаа бөлүнгөн. Бизде жалпы 21 техника болсо, атайын таштанды ташуучу 14 унаабыз иштейт. Аларга өзүнүн айдоочусу менен экиден жумушчу бекитилген. Бир күндө 20-37 көчөгө чейин алышат. Анын ичинен 5-6 унаабыздын эскилиги жеткен, жараксыз абалда. Алар менен араң иштеп жатабыз. Бул боюнча мэрияга кайрылдык. Андан сырткары жумушчулардан да алтоону коштурушум керек. Себеби жумушта ооруп же тою, батасы чыгып калгандар, арасында өргүүгө чыккандар болот экен.

Быйылкынын жаңылыгы

Быйыл артына жүктөөчү 12 урнасы (чоң 6 кубдук) менен бир жаңы унаа алып келдик. Мисалы, 1 кубдук урналардан алтоону койгон жерге мындан бирөөнү коёсуң. Бул баарыбызга ыңгайлуу. Шаарда 5 аймактык башкармалык болсо, 4 башкармалыкка тынымсыз кызмат көрсөтүлөт. Быйылкы жылга Тайгараев аймактык башкармалыгынан 10 көчөнү карамагыбызга коштук. 1500гө жакын адам менен келишимдин негизинде иштешип жатабыз.

Учурда жарандар тыюу салынган жерлерге таштанды таштап үйрөнүп алышты. Анан быйыл тендердин негизинде атайын эскертүүчү “Таштанды таштоого мүмкүн эмес” – деген сыяктуу 40 белги жасаттырдык. Аны шаар аралап керектүү жерлерге орнотуп баштадык. Мындан сырткары атайын тазалыкка чакыруу максатында баннерлерди илдик. Жок дегенде эл ошого көңүл бурар деген үмүттөбүз.

Сигналдык методдун артыкчылыгы

Кечки саат 17:00дөн 20:30га чейин сигналдык метод иштейт. Бул 3-4 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна атайын таштанды таштоочу урналардын ордуна күн сайын белгиленген убакта унаалар барып сигнал берет.  Ал жерде жарым саат турат. Мунун натыйжасында балдар ойной турган же отура турган жерлер, үйлөрдүн алдылары дайым таза турат. Кээ бир көп кабаттуу үйлөр бар, аларга баары бир, таштандың каерде жатат, балдар каякка алып барып таштады кызыгы жок.

Урналар орнотулган жерлерге кудайдын куттуу күнү ар кандай таштандыларды ташташат. Портерлер менен курулуш материалдарынан тартып, башкасына чейин толтуруп кеткендер бар. Анан биз урналарды алып, сигналдык методду киргизип кутулдук. Ал жерде эрте менен таштандыны алып кетсең түштө толуп калат, түштө алып кетсең кечинде толуп калчу. Түнү толгон таштандыны эрте менен алуу кыйынга турат. Мисалы, Чехов көчөсүн кечинде тазалап, эрте менен да жумушчуларыбыз арыктарын шыпырып кетишет. Түштө барсаң суу ага турган арык эмес, таштанды сала турган урнага айлантышат.

Биздеги ашыкча түйшүктөр…

Шаарга башка айыл аймактар да жакын жайгашкан. Мисалы, Барпы, Благовещенка, Жаңы-Дыйкан, Сузактан шаарга келе жатышып бир-эки кап таштандысын унаасына салып алат дагы көргөн урнасына таштап кетишет. Бул бизге ашыкча  түйшүк, ашыкча  чыгым. Бизде дагы бир көйгөй урналар толуп-толбой жатып тургундар аны өрттөп салышат. Ал урналардын кичинекейи 7300 сомдон турат. Эки жолу өрттөлгөндөн кийин аны машина менен кыпчып таштандысын аңтарууда сынып калат. Ушул нерсени да элге жеткире албай жатабыз.

Бизде баары жөнөкөй жумушчулар. Мага эч качан жашоосу жакшы адамдар келип иштебейт. Айла жок иш таппай калган учурда келишет. Ошол адамдын жашоо турмушу оор, балким бир жери ооруйттур. Кантсе да 10 миңге жетпеген айлыкка чыдап иштешет. Булар күндө айтып келишет: “Таштандыларды урнага келип таштабастан алыс туруп ыргытышат. Ал пакет урнага жеткиче чачылат, ыргытпагыла деп сурансак, башымды оорутпагын, сен тазалайсың”  деп урушушат- дешет.

Ит атарлар дагы биздин карамагыбызда. Күнүнө орто эсеп менен 17-20 болуп, бир айда 300-500гө чейин ит атылат.

Бир тараптуу сынчылар

Эмне үчүн блогерлер, шаарга күйгөн патриоттор бүгүнкү күндө бир тараптуу сын-пикир айтышат. Туура, биздин да кемчиликтерибизди айтыш керек, бизден да айып кетет, техника бузулат, жумушчуларыбыз качып кетет дегендей… Мисалы, бир графикке 3 адамды бөлсөң, анын бирөөсү кемисе, экөөсү эптей албай жумуш бүтпөй калат. Ошол сындагандар бул жакка келип эки күн иштеп көрүшсүн, ошондо билишет. Машина бузулганда бир-эки күн таштандылар алынбай калышы мүмкүн. Мына ушул учурда сүрөткө тартат дагы соцтармактарга: “Мына тазалык ишканасы иштебей жатат, эч нерсени карабай жатат” – дешип туура эмес сын айтышат. Негизи ак эмгектүү, бирок бааланбаган мээнет ээлерибиз. Мейли бизге да пикирлерин беришсин, сындарын билдиришсин, биз аны туура эле кабыл алабыз. Мисалы, канча адам чет өлкөнү көрүп келди, бирок ал жактагы маданиятты бул жакка келип кылбай жатканы өкүндүрөт.

Эң арзан төлөм биздики

Шаарда 120 миң калк жашайт деп жатат. Анткен менен анын баары абоненттик төлөмүн төлөшпөйт. Былтыры 56 миң абонент бар эле, бүгүнкү күндө 61 миңге жеттик. Жер үйдө жашаган абонентке бир айына 30 сом, көп кабаттуу үйдө жашагандарга 25 сомдон бекитилген. Андан сырткары бүт бюджеттик жана менчик мекемелер менен келишим түзүп, алардын да таштандыларын ташыйбыз. Негизи эң арзан төлөм биздики. Ошондой болсо да миң сомдон 7 миң сомго чейин карыздарын төлөбөй жүргөндөр бар. Айына 150 сом болсо, жылына 1800гө жетпеген акча болот. Электр тогуна канча төлөп атабыз? Суук түшсө, жок дегенде бир айга 2500 төлөйбүз. Бул биздин бир жылдык суммабыз менен айырмасы бар да.

Расул ШАБАН уулу, айдоочу:

-Бизге чындыгында эл ар түрдүү мамиле жасайт. Арасында жакшысы да, жаманы да бар. Көбүнчө союздун адамдарынан сый көрөбүз. Анткени алар башка тарбияда өсүшкөн. Бул ишканада 20 жылдан бери эмгектенем. Мисалы, кээ бир көчөлөрдө курулуш таштандыларды ала албайбыз машинабыз сынат, таш, бетондорду салбагыла десек “алып кетесин, акчасын төлөп жатабыз” – деп мушташканга чейин барышат. Машина сынат десең “эмне болуптур, өкмөттүн машинасы” – дешет. Өкмөттүн машинасы болгону менен ага мен жооп берем. Бизде патриоттук сезим жок. Элде бул мен жашаган мекен, таза сактайын деген аң -сезим өсүш керек. Биз күнү-түнү шаар тазалыгы үчүн иштейбиз. Эл тазалыкты сактаса, ошондо шаар таза болот.

Капар БИЙМУРЗАЕВ, жумушчу:

-Иштегениме бир жыл болуп калды. Эрте менен ишке чыккан бойдон түнү бир убакта кайтабыз. Элдердин баары эле бизге нааразы. Жүйөлүү себептер менен таштандысы алынбай калат. Аны булар түшүнбөйт. Бизде унаалар абдан эски. Тез-тез бузулат, анын ордуна башканы жөнөтсөк араң  таап барат. Жагдайды түшүндүрсөк да неге кеч келдиңер деп түшүнгүсү келбейт. Жаңы машиналар келиш керек. Качанга чейин эскилерди жамай беребиз. Биз азыр ашыкча жумуш кылабыз, мисалы, бир челек таштанды алыш үчүн айлананы да шыпырып тазалашка туура келет. Ошондой болсо да мен бул жумушума нааразы эмесмин. Кандай болбосун ушул ишим менен курсагыбыз тоюп жатат.

Эрзат ШАДИБЕКОВ, тургун:

-Жумуштун жакшы болушу анда түзүлгөн шарттарга байланыштуу. Шарт  дегенде ошол эле техника, шаймандар, иш убактысы, жетекчинин мамилеси жана эң башкысы маяна. Көчөдө басып баратып жолдо жаткан бир кагазды алып койгонго жетпеген ыйманыбыз астында, таң заардан таттуу уйкусун бөлүп, биздин таза жашообузга шарт түзгөн “Жалал-Абад Тазалык” кызматкерлерине таазим. Булар колдон келишинче тазалап жатышат. Көпчүлүгү ата-энебиз курактуу, жок дегенде ошолордун мээнетин актайлы, буларга аз болсо да жардам колун суналы. Таштанды элден чыгат, аны урнага таштабай, ойду келди ыргытабыз. Шаар тургундарына түшүндүрүү жолу менен аны тазалоо жана алып чыгып кетүү жолун жеңилдете алабыз. Биз жок дегенде эки шаарга бир “Таштандыны кайра иштетүүчү”- фабрика жаратууга тийишпиз.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17