Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
506 Бардыгы / Өзбекстанда аткезчиликке айыпталган журналист Махмуд Ражабды кармоого келген Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын каршылыгына туш болушту. Бул тууралуу журналист өзү билдирди. Анын айтымында, окуя 21-сентябрь күнү эртең менен Янгибазар районундагы үйүндө болгон. «Укук коргоо кызматкерлери мени кармоо үчүн төрт автоунаа менен келишкен. Бирок коңшуларым ширеңке жана бензин көтөрүп чыгып, ызы-чуу […]
507 Бардыгы / Өзбекстанда аткезчиликке айыпталган журналист Махмуд Ражабды кармоого келген Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын каршылыгына туш болушту. Бул тууралуу журналист өзү билдирди. Анын айтымында, окуя 21-сентябрь күнү эртең менен Янгибазар районундагы үйүндө болгон. «Укук коргоо кызматкерлери мени кармоо үчүн төрт автоунаа менен келишкен. Бирок коңшуларым ширеңке жана бензин көтөрүп чыгып, ызы-чуу […]
ӨЗБЕКСТАНДА ЖУРНАЛИСТТИ КАРМАГАНЫ КЕЛГЕН МИЛИЦИЯ ЭЛДИН КАРШЫЛЫГЫНА ТУШ БОЛДУ
23.09.2019 / Автор aymak

508 Бардыгы /
Өзбекстанда аткезчиликке айыпталган журналист Махмуд Ражабды кармоого келген Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын каршылыгына туш болушту. Бул тууралуу журналист өзү билдирди.
Анын айтымында, окуя 21-сентябрь күнү эртең менен Янгибазар районундагы үйүндө болгон. «Укук коргоо кызматкерлери мени кармоо үчүн төрт автоунаа менен келишкен. Бирок коңшуларым ширеңке жана бензин көтөрүп чыгып, ызы-чуу чыгаргандан кийин кетүүгө аргасыз болушту. Мен элдин, өкмөттүн жана мыйзамдын алдында тазамын, муну баары көрүп турат», — деди Ражаб.
Облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Быйыл 30-апрелде журналист Махмуд Ражабга карата аткезчилик беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгер журналист күнөөлүү деп табылса, беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Журналист өзү кылмыш ишинин козголушун өлкөгө өзбек оппозициясынын лидери, белгилүү акын Мухаммад Салихтин китептерин алып кирүүгө аракет кылгандыгы менен байланыштырууда.
Быйыл марттын аягында бажычылар Стамбулдан келген Ражабдын жанындагы Салихтин 26 китебин алып коюшкан. Ага чейин журналист өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, Мухаммад Салихтин өлкөгө келишине уруксат берүүсүн өтүнгөн.
Учурда Түркияда жашап жүргөн 68 жаштагы белгилүү өзбек акыны жана оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салих 1989-жылы демократиялык «Эрк» партиясын негиздеп, 1991-жылы декабрда ошол кездеги өлкө башчы Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болуп президенттик шайлоого катышкан. Расмий маалыматтар боюнча ал шайлоочулардын 12,7% добушун алган. Ал эми көз карандысыз байкоочулардын баамында добуштардын көбүнө ээ болгон. Шайлоодон кийин Салихтин тарапташтарынын студенттик демонстрациясы ок атуулар менен таркатылып, оппозициялык гезиттер жабылган. Салих өзү Өзбекстандан 1993-жылы чыгып кеткен.
2000-жылы ноябрда Өзбекстандын Жогорку соту Мухаммад Салихти «Конституциялык түзүмгө кол салуу» жана «Өзбекстан президентине кол салуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 15,5 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары Салих 1999-жылкы Ташкенттеги беш жардырууну уюштурууга күнөөлүү деп табылган.
Бирок Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин бийлик оппозицияга карата мамилесин жумшартып, бир нече саясий туткунду, анын ичинде оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихтин иниси Мухаммад Бекжанды абактан чыгарган.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
10.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКИ НАРИСТЕНИ ТОПУРАК БАСЫП, КАЗА БОЛДУ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.