Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,141 Бардыгы / 10 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кербен аэропорту колдонууга дагы деле даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштайт делген менен ремонт иштери кечиккен. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Ачылышы болгон менен колдонууга толук даяр болбогондуктан алигече иштеп баштай элек. Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура […]
1,142 Бардыгы / 10 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кербен аэропорту колдонууга дагы деле даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштайт делген менен ремонт иштери кечиккен. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Ачылышы болгон менен колдонууга толук даяр болбогондуктан алигече иштеп баштай элек. Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура […]
КЕРБЕН АЭРОПОРТУН КОЛДОНУУГА БЕРҮҮ КЕЧИГИП ЖАТАТ
25.09.2019 / Автор aymak

1,143 Бардыгы /
10 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кербен аэропорту колдонууга дагы деле даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштайт делген менен ремонт иштери кечиккен. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Ачылышы болгон менен колдонууга толук даяр болбогондуктан алигече иштеп баштай элек.
Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кербен» аэропортун ишке киргизүү тууралуу» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу жогорку кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө аэропорттун имаратын оӊдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынган. «Кербен» аэропортуна Жарандык авиация агенттиги тарабынан тиешелүү сертификат берилген. «Аэропорттун инфратүзүмү учуп-конуу тилкесинен башкасы белгиленген эрежелерге ылайык келет. Тилкеден кеткен жаракалар мастика чайыры менен бүтөлүп герметизацияланышы керек. Биз бул эреже бузуулар четтетилиши керек деген шарт менен сертификат бергенбиз»,- дейт К.Акышев.
Талкууда депутат Сайдолимжон Жураев аталган агенттиктин мындай чечимине таӊгалгандыгын билдирди. «Алгач эскертүү берип, андан кийин эреже бузуулар четтетилген соӊ колдонууга жарактуу деген сертификат берилиши керек»,- дейт С.Жураев.
Депутат Калдарбек Баймуратов болсо тиешелүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн «Кербен» авиакаттамы качан иштеп баштаарына кызыкты. Баяндамачылар тилкени оӊдоп-түзөө бир аптадай убакыт алаарын, ал эми авиакаттам жүргүзүү чечимин авиакомпаниялардын өздөрү кабыл алышаарын белгилешти.
Депутат Алтынбек Жунус уулу обьектинин курулушун учуп-конуу тилкесиндеги ремонт иштеринен улам создуктурууга жол берилбеши керектигине токтолду. «Бул «Манас» аэропортунун жетекчилигинин канааттандыралык эмес ишинин ачык мисалы. Ишке принципиалдуу мамиле кылуу менен тилкедеги ремонт иштерин бир апта ичинде бүтүрүп койсо болот. Элдин суроо-талабын ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын эли бул аэропорттун иштешин чыдамсыздык менен күтүп жатышат»,- дейт депутат. Ошондой эле А.Жунус уулу иш дагы да кечеӊдей турган болсо аэропорттун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетининин төрайымынын орун басары Алмазбек Эргешов «Кербен» аэропортунун ишке кирбей турушу авиация тармагын өнүктүрүү саясатына жооптуу болгон Транспорт жана жол министрлигинин кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын айтты. «КР Премьер-министри өзү барып «Кербен» аэропотунун ачылышына катышкан. Бул тууралуу бир канча күн телеканалдарда жаӊылыктар берилген. Элде бул аэропрттон самолеттор учуп, каттам жүргүзүлүп жатат деген түшүнүк калган», -деди А.Эргешов.
Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү министрлик менен мекемелерге «Кербен» аэропортун колдонууга берүүнү ыкчамдатууну тапшырышты.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.