Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,665 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 26-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында «Репродуктивдик ден соолук альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан эркектер менен аялдардын укуктарын, репродуктивдик саламаттыкты коргоо жана жайылтуу боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана жаштар катышты. Анда жарандарга репродуктивдик саламаттык тууралуу маалыматтар берилип, бышыктоо максатында суроо-жооптор менен уланды. “Репродуктивдик ден соолук альянсы” жаштар үчүн ар кандай […]
2,666 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 26-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында «Репродуктивдик ден соолук альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан эркектер менен аялдардын укуктарын, репродуктивдик саламаттыкты коргоо жана жайылтуу боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана жаштар катышты. Анда жарандарга репродуктивдик саламаттык тууралуу маалыматтар берилип, бышыктоо максатында суроо-жооптор менен уланды. “Репродуктивдик ден соолук альянсы” жаштар үчүн ар кандай […]
КАЛККА ҮЙ-БҮЛӨНҮ ПЛАНДАШТЫРУУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
27.09.2019 / Автор aymak

2,667 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 26-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында «Репродуктивдик ден соолук альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан эркектер менен аялдардын укуктарын, репродуктивдик саламаттыкты коргоо жана жайылтуу боюнча маалыматтар берилди.
Иш-чарага жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана жаштар катышты. Анда жарандарга репродуктивдик саламаттык тууралуу маалыматтар берилип, бышыктоо максатында суроо-жооптор менен уланды. “Репродуктивдик ден соолук альянсы” жаштар үчүн ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп, жеңүүчүлөрдү белектер менен сыйлады.
Областтык калктын саламаттыкты сактоо борборунун дарыгери, гинеколог Гүлзат Нурумбетова кош бойлуулуктан сактануу эл арасында көйгөй экенин баса белгиледи.
“Өткөрүлүп жаткан маалымат берүү иш-чарасы Бүткүл дүйнөлүк контрацепция күнүнө карата болууда. Контрацепция – кош бойлуулуктун алдын алууга арналган күн болуп эсептелет. Өлкөдө кош бойлуулуктан сактануу жеке эле медиктердин эмес, жалпы элдин көйгөйү болуп келет. Күтүүсүздөн кереги жок кош бойлуулук абортко, ташталган балдарга алып келет. Маалымат жетишсиздигинен жаштар эле эмес, чоңдор да сактанышты билбейт. Абортту элдер үй-бүлөнү пландаштыруу ыкмасы катары көрүшөт, бирок алдын ала таблетка ичсе болорун жана башка ыкмалар бар экенин билбейт,- дейт.
Ал эми аталган иш-чаранын катышуучусу ЖАМУнун медициналык колледжинин бөлүм башчысы Сейилкан Термечикова эл ичинде репродуктивдик саламаттык тууралуу маалымат жок экенин белгилеп өттү.
“Бул өтө орчундуу маселе деп айтууга болот, себеби кыргыз тилинде түшүндүрүү иштери жаштар арасында аз болуп жатат. Медициналык маалыматтар жетпегендиктен жаш кыз-келиндер арасында төрөт, бойго бүтүрүү анын негизинде жугуштуу ооруларга кабылуу аябай көп. Андан сырткары төрөгөн соң эки ай же үч айлык наристесин таштап мигрант болуп кетип жаткандар жок эмес. Бул баланын өсүүсүнө жана ден соолугуна да таасир берет”,-дейт.
Аталган коомдук бирикме буга чейин эркектер менен аялдардын укуктарын, репродуктивдик саламаттыкты коргоо жайылтуу иштерин жүргүзүп келүүдө. Мында репродуктивдик ден соолук боюнча маалымат жана сапаттуу кызмат көрсөтүү, коопсуз эне болууну, үй-бүлөнү пландаштыруу жана камсыз кылуу боюнча иш алып барышат.
Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.