Аймак

КЫРГЫЗСТАН DOING BUSINESS-2020 РЕЙТИНГИНДЕ АЛДЫҢКЫ 20 РЕФОРМАТОР-ӨЛКӨНҮН КАТАРЫНА КИРДИ

КЫРГЫЗСТАН DOING BUSINESS-2020 РЕЙТИНГИНДЕ АЛДЫҢКЫ 20 РЕФОРМАТОР-ӨЛКӨНҮН КАТАРЫНА КИРДИ

 671 Бардыгы /

Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган Doing Business-2020 рейтингинде алдыңкы жыйырма реформатор-өлкөсүнүн катарына кирди.

Баяндаманын авторлору өлкө электр түйүндөргө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртканын белгилешкен.

Дүйнөлүк банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жасаган мамлекеттерди киргизген.

Doing Business-2020 рейтингинин расмий презентациясы быйыл октябрдын аягында болот. Кыргызстандын 2018-2040-жылдары туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан бул рейтингде 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашкан.

Doing Business рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалоого мүмкүндүк берет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17