Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
2,083 Бардыгы / Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы. Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне: – Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай […]
2,084 Бардыгы / Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы. Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне: – Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай […]
ПАСПОРТ АЛУУ ТҮЙШҮГҮ ЖЕҢИЛДЕДИ
01.10.2019 / Автор aymak

2,085 Бардыгы /
Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы.
Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне:
– Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай өөрчүгөн. Милицияга сураганын сөзсүз бербесең, ишиң эзели бүтпөйт эле. Азырчы? Баары мынтип ачык-айкын. Канча күнгө канча сом төлөйсүң, мобул эле тактайчада баары тең бадырайта жазылган. Ошондуктан, Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө иштегендер андан ашыкча акча сурай дагы алышпайт. Анткени, буларда ар тараптуу көзөмөл күч!
Төлөгөн ЖОЛДОШЕВ, 7-Апрель Ыңкылабынын Баатыры, эмгек ардагери:
– Мурун паспорт үстөлүндөгүлөр сураганын берсең деле, ишти сүйрөп жүрүшүп жалдыратып жатып араң бүтүрүшчү. Баамымда, азыр мындай жемкорлук дээрлик тыйылыптыр. Албетте, ушундай заманбап шарттын жаралышына – Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Урматбек Асанбековдун мээнети абдан чоң! Анткени, бул жигит мен билгенден Ош облусундагы эң чоң Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө дагы абдан эле таза иштептир. Артынан дегеле жаман сөз ээрчиткен жок! Анан дагы кол алдына жалаң гана иштин көзүн билген, жүрөгү жана абийири таптаза кызматкерлерди топтоптур. Команда деп ушуну айт! Баары тең адегенде аны уят кылышпастан, анан эч камчы салдырбастан тегиз иштеп жатышат.
-Туруктуу кардарларыбызды – жарандарды жогорку даражада тейлеп жатканыбызга бүгүнкү паспорттоштуруу түйүнүнүн бүтүндөй автоматташтырылгандыгы дагы сонун ыңгай жаратты, – деп кепке аралашты Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Сагынбек ЭРМЕКБАЕВ.
– Ошентип, кыска аралыкта заман талабына жараша тейлөөнүн электрондук форматына жабыла көчтүк. Дал ушунун аркасында эзели түгөнбөгөн көйгөйүбүз – жемкорлук түп тамырынан дээрлик тыйылды. Анан, кудайга шүгүр, өзүбүз деле мекендештерибизден илгеркидей тил дагы жана каргыш дагы укпай калдык.
Өзгөн шаарына күүгүм кирди. Иңирде деле Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн дээрлик бардык бөлмөлөрүндө дагыле жарык күйүп турат. Бул мекемеде эмгектенишкендер бүгүн бүтпөй калган жумушун эртеңкиге жылдырышпастан, ушинтип жумуштан соң деле кадимкидей иштеп олтурушат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
26.08.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ «КАРКЫРА» БЕКЕТИ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕЙ БАШТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17






You must be logged in to post a comment.