Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ АКШда МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ ЖОЛУКТУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ АКШда МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ ЖОЛУКТУ

 707 Бардыгы /

ВАШИНГТОН. АКШнын Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жумушчу сапарынын алкагында Америка Кошмо Штаттарында жашап жатышкан мекендештери менен жолугушту.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү адегенде чогулган мекендештерине чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, Кыргыз Өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги тарабынан ырааттуу түрдө жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар туурасында баян этти. Андан ары ачык-айкын пикир алмашуулар жүрдү. Ошондой эле Кыргыз жарандарын кызыктырган бир катар олуттуу маселелер кенен-чонон талкууланды. Маселен, кош жарандуулук, АКШга кирүүчү Кыргыз жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү,АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери үстөккө-босток көтөрүлдү.

Жолугушуу соңунда Кыргызстандын АКШдагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый-тамак жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү  уюштурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

           

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17