Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,204 Бардыгы / ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ЕАЭБ РЫНОГУНДА ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖОЮУ БОЮНЧА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КАЖЕТ!» ЕРЕВАН. «ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү кажет!» — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армениянын Ереван шаарындагы Жогорку ЕврАзия Экономикалык Кеңештин кеңейтилген курамындагы жыйынында. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков беш жыл аралыгында бирдиктүү Бажы […]
1,205 Бардыгы / ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ЕАЭБ РЫНОГУНДА ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖОЮУ БОЮНЧА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КАЖЕТ!» ЕРЕВАН. «ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү кажет!» — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армениянын Ереван шаарындагы Жогорку ЕврАзия Экономикалык Кеңештин кеңейтилген курамындагы жыйынында. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков беш жыл аралыгында бирдиктүү Бажы […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ЕАЭБ РЫНОГУНДА ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖОЮУ БОЮНЧА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КАЖЕТ!»
02.10.2019 / Автор anarkan_kg

1,206 Бардыгы /
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ЕАЭБ РЫНОГУНДА ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖОЮУ БОЮНЧА ТИЕШЕЛҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КАЖЕТ!»
ЕРЕВАН. «ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү кажет!» — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армениянын Ереван шаарындагы Жогорку ЕврАзия Экономикалык Кеңештин кеңейтилген курамындагы жыйынында.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков беш жыл аралыгында бирдиктүү Бажы аймагы түзүлүп, экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүндө макулдашылган саясат жүргүзүлүп жаткандыгын, экономикалык өнүгүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылгандыгын баса белгиледи.
– 2018-жылы дүйнөнүн ири экономикалык державаларынын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде чыңалуунун кыйла күчөшү орун алды. Мындан тышкары бул жараяндардын биздин Биримдиктин ичиндеги экономикалык абалына тийгизген терс таасирин дагыле көрүп жатабыз. ГеоЭкономикалык аспектилерден тышкары биздин өзүбүздүн жетишсиз ишибиз дагы ич ара соода-сатыктын көлөмүнүн өсүшүнүн кашаңдашына олуттуу себеп болууда. Кыска мөөнөттүү пайданын артынан кууп, айрым өлкөлөр мамлекеттик көзөмөлдү катуулатып, бизге кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатышат, — деп чындыкты моюндады Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков андан ары мындай мамиле интеграциянын натыйжалуулугун азайтып жаткандыгын кошумчалады: – Интеграциялык бирикмелерде өлкөлөр товарларды ташуунун ылдамдыгын жана көлөмүн көбөйтүүнүн жардамы аркасында продукциянын өз наркын арзандатуунун аркасы менен киреше табышат. Биз болсо чындыгында бири-бирибиз менен талашып-тартышып жатабыз. Биздин Өкмөттөр ички рынокто тоскоолдуктарды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүшү кажет! Аларды жокко чыгарбасак, Биримдигибиз максаттарына жетпей калышы толук ыктымал.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин тышкы чек араларында бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө ачыктык жана обьективдүүлүккө кызыкдар экендигин билдирди. Бажы көзөмөлөткөрүү бекеттеринде «Үч тараптуу» көзөмөл жүргүзүү жана комиссияга талаштуу абалды түздөн-түз кийлигишип чечүүсү үчүн укуктарды берүү өзгөчө зарылдыгын белгиледи. Ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары катары Сооронбай Жээнбеков эл аралык аренада ЕАЭБ жөнүндө оң маанайды түзүүнү атады: – Бүгүн жыйынга Ирандын Президенти жанаСингапурдун Премьер-министри катышууда. Биздин Биримдик чоң ЕврАзия шериктештик идеясын өнүктүрүү максатында тышкы өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга дайым ачык экенин көрсөттү. Өткөн аптада Бишкекте өз аброюн бекемдеген жана ачык баарлашуунун аянтчасы болуп калган «ЕврАзия жумалыгы» форуму болуп өттү. Ушул тапта Биримдиктин аймагында мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана бирдиктүү рынокторду түзүү жаатында жумуш абдан активдешти. Бирок бирдиктүү рынокто мыйзамдуу ишмердикти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн ордуна биз айрым тоскоолдуктарга дуушар болуп жатабыз.
Накталай акча каражаттардын айлануусунун көлөмүнүн өсүшүн белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ каржылык жөнгө салуучуларына учурдагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча биргелешип механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.
– ЕАЭБдин жалпы каржылык рыногунун концепциясын кабыл алуу Биримдиктин компаниялары жана жарандары үчүн каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапатынын деңгээлин жогорулатууга жол берет. Буга чейинбиз ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүүнү сунуштаганбыз. Биздин демилгени ишке ашырууну колдоо мүчө мамлекеттердин экономикаларын бекемдеп, алардын ырааттуу өнүгүүсүн жана жакындашуусун камсыздай алат, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү үчүн толугу менен ишке ашырыла элек чоң потенциалгаээ экенин дагы бир жолу белгиледи: –Биз Биримдик катышуучуларынын экономикалык өнүгүүсүнүн ортосундагы айырманы кыскартууга чукул чара көрүшүбүз кажет. Биргелешкен жана ырааттуу аракеттер менен бардык алдыга коюлган максаттарга жетээрибизге бекем ишенем!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
02.04.2025 / Автор anarkan_kg МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН МЕКТЕП КАЙТАРЫЛДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.