Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,273 Бардыгы / Бир айдан кийин эле жергебизге кадимки кыш баш багат. Ага карата деги камылга кандай? Тургундар былтыркыдай ызгаарда суукка тоңушпайбы? Бул ирет Ош шаарына ирегелеш айтылуу Кара-Суу шаарына баш бактык. – Тээ Союз мезгилинен бери эле Кара-Суу шаарынын өзүнүн канализациясы дегеле болгон эмес! – деп агынан жарылды Кара-Суу шаарындагы таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Хаят […]
2,274 Бардыгы / Бир айдан кийин эле жергебизге кадимки кыш баш багат. Ага карата деги камылга кандай? Тургундар былтыркыдай ызгаарда суукка тоңушпайбы? Бул ирет Ош шаарына ирегелеш айтылуу Кара-Суу шаарына баш бактык. – Тээ Союз мезгилинен бери эле Кара-Суу шаарынын өзүнүн канализациясы дегеле болгон эмес! – деп агынан жарылды Кара-Суу шаарындагы таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Хаят […]
КАРА-СУУ ШААРЫ КЫШКА ДАЯРБЫ?
09.10.2019 / Автор aymak

2,275 Бардыгы /
Бир айдан кийин эле жергебизге кадимки кыш баш багат. Ага карата деги камылга кандай? Тургундар былтыркыдай ызгаарда суукка тоңушпайбы? Бул ирет Ош шаарына ирегелеш айтылуу Кара-Суу шаарына баш бактык.
– Тээ Союз мезгилинен бери эле Кара-Суу шаарынын өзүнүн канализациясы дегеле болгон эмес! – деп агынан жарылды Кара-Суу шаарындагы таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Хаят ТУРДУКУЛОВ.
– Ошондуктан, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Европа Инвестиция Банкы жана Европа Биримдиги Уюму менен абдан тыгыз иштешип, акыры булардын дагы эптеп тилин таап, көйгөйүбүздү биротоло жайгарууга ынандырдык. Бул максатта атайын долбоорубузга 5 миллион 300 миң евро ажыратылды. Азыр техникаларды сатып алып, аларга ылайыктап гараж дагы курдук. Ошентип, канализация проблемасынан жакын арада кутулабыз.
– Кара-Суу шаарында беш көп кабаттуу үй бар. Буларда канализация таптакыр жок! Андыктан, үйлөр таптакыр жылытылбагандыктан, кышында көбүнчө электр энергиясына гана күч келип жатат, – деди Кара-Суу шаарындагы 16-кварталдык комитеттин төрайымы Курбанжан ШАКЕЕВА.
– Ошентсе дагы, энергетиктерге ыракмат, бизге боору ачып, жарыгыбызды эч өчүрүшпөйт. Анын үстүнө өзүбүз деле айла кеткенде электр энергиясына карызыбызды көбөйтпөстөн убагында төлөгөнгө көндүк.
– Шаарыбыз абдан эле тар. Болбосо, калкыбыздын саны жыл сайын көбөйүп гана баратат. Андыктан, жаңы мектептерге, ошондой эле бала бакчаларга абдан муктажбыз! – деп кепке кошулду Кара-Суу шаардык Кеңешинин депутаты, калаадагы 13-кварталдык комитеттин төрайымы Айнура БЕГМАТОВА.
– Айткандан, албетте, уяласың. Чынында, шаарыбызда канализациянын аты түгүл, жыты жок! Эгерде Кыргыз Өкмөтү аталган кичи шаардын келечегин чындап эле ойлосо, бул олуттуу көйгөйдү кечеңдетпестен гана чечүүсү абзел! Буга улай эле жанаша жайланышкан Айыл Өкмөттөрүнүн эсебинен Кара-Суу шаары мындан дагы кеңейтилип, калаага заманбап көп кабаттуу үйлөр байма-бай курулушу кажет. Ошондо гана турак жай, башка дагы социалдык маселелер өзүнөн-өзү жайгарылат.
Кара-Суу шаарынын вице-мэри Шавкат ОСМОНАЛИЕВ дагы кышка камылга жайында экендигин ырастады. Шаарыбызда жети мектеп, үч бала бакча бар. Эки мектепке көмүр жагылат. Эки мектеп борборлоштурулган жылытуу түйүнүнө туташтырылган. Калгандары электр энергиясы менен гана жылытылат, – деп маалымдады Кара-Суу шаарынын вице-мэри Шавкат ОСМОНАЛИЕВ.
– Баарына тең кыш бою 290 тонна көмүр керектелет. Азыр 233 тоннасын ээлерине жеткирдик. Дагы 57 тоннасын кыш түшкүчө ташыйбыз. Ал эми калаабыздагы канализация маселеси Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Европа Инвестиция Банкы жана Европа Биримдиги уюмунун жардамы аркасында чукул арада чечилмекчи.
Айтмакчы, Кара-Суу шаары 1960-жылы негизделген. Ош облусунун түштүк-батыш бөлүгүндө, Кара-Суу районунун так ортосунда жайланышкан. Он алты кварталдык комитеттен куралган. 25 568 калк жашайт. Мунун 830у кыргыздар, 15 596сы өзбектер, калгандары – орустар, украиндер, татарлар, уйгурлар, түктөр, тажиктер жана казактар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
-
-
04.10.2024 / Автор anarkan_kg Данияр БОРОНБАЕВ: “ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ ЫКТАДЫК!”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.