Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,861 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Толук бүтө элек имаратта иштеп жаткан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылуу алдында турат. Ал жерге мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү «ал имараттын эксплуатациясына уруксат берилген эмес» деп эскертүү беришти. Экотехинспекциянын өкүлдөрү билдиргендей, имараттын эксплуатациясы мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынбагандыктан, ал жерде иштегенге мүмкүн эмес. Бир айдын ичинде ал кемчиликтер жоюлбаса Жүрөк-кан […]
3,862 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Толук бүтө элек имаратта иштеп жаткан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылуу алдында турат. Ал жерге мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү «ал имараттын эксплуатациясына уруксат берилген эмес» деп эскертүү беришти. Экотехинспекциянын өкүлдөрү билдиргендей, имараттын эксплуатациясы мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынбагандыктан, ал жерде иштегенге мүмкүн эмес. Бир айдын ичинде ал кемчиликтер жоюлбаса Жүрөк-кан […]
КАРДИОЛОГИЯ БОРБОРУ ЖАБЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ
16.10.2019 / Автор aymak

3,863 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Толук бүтө элек имаратта иштеп жаткан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылуу алдында турат. Ал жерге мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү «ал имараттын эксплуатациясына уруксат берилген эмес» деп эскертүү беришти.
Экотехинспекциянын өкүлдөрү билдиргендей, имараттын эксплуатациясы мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынбагандыктан, ал жерде иштегенге мүмкүн эмес. Бир айдын ичинде ал кемчиликтер жоюлбаса Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылат. Ал эми аталган мекеменин директору Калдарбек Абдраманов мамлекеттик экотехинспекциянын ошондой шарты бар экенин, толук бүтмөйүнчө кирип иштөөгө болбойт деп эскерткенин айтты. Ошол эле учурда каржылоонун айынан оңдоо жумуштары кечигип, аргасыздан толук бүтпөгөн имаратта иштөөгө туура келип жатканын билдирди.
“Биздин мекемебиздин ондолуп-түзөө иштери боюнча мамлекеттин реакциясын Эгемендүүлүк боюнча алган интервьюңузда да кыскача кошуп айткан элем. (“Аймак” гезити, №25 саны: Эгемендүүлүк бизге эмне алып келди?) – Саламаттык сактоо системасына нааразы болгон эл, күчкө салып бир нерсе жасап, реформа жасамыш болуп жаткандай кыр көрсөткөн медицинанын жетекчилери, баары ушул кырдаалга эмне себеп, чечүүнүн кандай реалдуу жолдору бар деген маселеге көңүл бурушпай калды. Орто жолдо биз врачтар эле күнөөлүү болуп жатып калдык.
Буга даана мисал 5 жылдан бери Жалал-Абаддагы түштүк эли үчүн уюшулган жалгыз кардиоборбордун ремонту толук бүтпөй турат. Өкмөт тарабынан 4 жылдан бери бир тыйын акча бөлүнбөй келет. Мамлекет акча табалбай, “оорулар оорубай, өлбөй кое тургула” деген таризде. Ошол эле учурда күндө 50 адам, жылына 29 миң адам жүрөктөн каза болууда. Мына ушундай акыбал, 28 жылдык (эгемендүүлүк жылдарындагы) медицинадагы “жетишкендик”!).
Негизи бул көйгөйдү жыл сайын эле көтөрүп чыгабыз. Ишке ашырып, көңүл бөлгөн киши жок. 3 кабаттуу кардиология борборун оңдош үчүн бир топ жыл мурун эле 70 млн. сомго долбоор жазылган. Бирок каражат жогунан иш жылбай токтоп турат. Ага карабай биз жылына ушул жерде 300дөн ашык бейтапка операция жасайбыз. Толук бүтпөгөн имаратта күн сайын ангиографиянын жардамы менен эки-үчтөн бейтапка операция жасалып жатат. Ошолордун бирөөсү курч инфаркт илдети менен келет. Мамэкотехинспекциянын эскертүүсүн да туура кабыл алып жатабыз. Бирок имарат толук бүтпөй, бизде аргасыздык болуп жатат. Жабылып калса бейтаптарга эле оор болот” – дейт К.Абдраманов.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен көз жумгандар көбөйүүдө. Өлгөндөрдүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркагандар. Кардиологдордун билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда жылына жүрөккө миңге жетпеген операция жасалат. Өлкөдө жүрөккө операция жасаган 5 борбор болсо, алардын экөө Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан мамлекеттик илимий борборлор.
“Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.