Аймак

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КҮРҮЧ ЖЫЙНОО КЫЗЫДЫ

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КҮРҮЧ ЖЫЙНОО КЫЗЫДЫ

 2,628 Бардыгы /

БАТКЕН. Түшүмдүүлүгү жана даамы менен өзгөчөлөнгөн күрүчтүн “кенже”сорту  Лейлек районунун Ак-Суу айылында гана өстүрүлөт. Аталган айыл өкмөтүнүн негизги киреше булагы – дыйканчылык. Айыл өкөтүнүн 500 гектар суулуу жер аянтына жыл сайын толугу менен күрүч гана эгилет. Булкүрүч талаасынан күзүндө 1000 тоннадан ашуун түшүм жыйналат.

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы дээрлик ар бир үй-бүлө күрүч өстүрөт. Аймактан айтылуу чоң Ак-Суу дарыясы агып өткөндүктөн, шарты дагы күрүч өстүрүүгө гана абдан ыңгайлашкан. Ушул тапта аймакта массалык түрдө күрүч жыйноо өнөктүгү катуу кызыды. Маселен, күрүчтүн бир килограммы базар баасында 50-60 сомго бааланууда.

Айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратов алдыда күрүчтү Кыргызстандын башка аймактарына, а түгүл дүйнөлүк рынокко чыгаруу максатында күрүчтү таңгактоочу ишканаларды ачуу үстүндө иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Азыркы тапта Ак-Суу айыл өкөмтүнүн дыйкандары өндүрүшкөн күрүчтөрүн Баткен облусунун ички базарларына жана кошуна Тажикстанга соодалап жатышат.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17