Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
999 Бардыгы / ЖАЛАЛ–АБАД. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал–Абад облусуна иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буру убадасын бергендигин дагы айтып өттү. -Аймактарды өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, элди жумуш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу […]
1,000 Бардыгы / ЖАЛАЛ–АБАД. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал–Абад облусуна иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буру убадасын бергендигин дагы айтып өттү. -Аймактарды өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, элди жумуш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ТОКТОГУЛ РАЙОНУНУН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
19.10.2019 / Автор aymak

1,001 Бардыгы /
ЖАЛАЛ–АБАД. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал–Абад облусуна иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буру убадасын бергендигин дагы айтып өттү.
-Аймактарды өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, элди жумуш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Бюджет, салык, акча жана кредит саясаттары аймактрдын өзгөчөлүгүн таптакыр эскеалган эмес! Мунун кеспетинен ички миграция күчөгөн. Ошону үчүн кайра-кайра регион деп айтып, бул маселеге өзүнчө көңүл буруп келатам, —деди Президент Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү аймактарды өнүктүрүү маселесин санариптештирүү жараяны менен шайкеш жүзөгө ашыруу,ички жана тышкы миграцияны азайтуу, ишкердикти колдоо, жумушчу орундар менен камсыз кылуу, элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, бюджет, салык, акча, кредит саясатын аймактарга буруу, элетти өнүктүрүү үчүн толук кандуу шарт жаратууга багытталган бир катар иштергетоктолду. Маалыматка ылайык айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумчанарксалыгы 80пайызгакыскартылды. Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. МТС, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасын төлөбөй калышты.Продукцияларды сертификаттоо боюнча жаңыл абораториялар курулду.
Былтыр РСК банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фонду тарабынан Кепилдик фонддун колдоосу аркасында жалпысынан 25миллиард сомдон ашык кредит жана кепилдик берилди. 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 18,9 миллиард сомдон ашык каражаттар таратылды. Долбоорлордун 80 пайызы аймактардагы ишкерлердин демилгесин колдоого багытталды. Мындан тышкары, ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 миллиард сомдук 11 миңден ашык айыл чарба насыялары берилди. Быйыл, ФСХ-7 программасы боюнча 5 миллиард сомго жакын 10 миңге жакын жеңилдетилген насыялар берилди.
-Аймактарды адистештирүүн чыңдоо, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү жана экспорт кылуучу ишканаларды мамлекеттик колдоо мындан ары дагы улантылат. Региондордо жарандардын жашоо сапатын жана дараметин жогорулатуу мамлекеттин жакынкы жылдары артыкчылыктуу милдети бойдон калат, — деп убадалады Президент Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле токтогулдуктарга жол жана социалдык инфрастүзүмдөрдү куруу, ишке ашырылып жаткан энергетикалык долбоорлор, улуттук долбоорлор — өлкөнү таза суу менен камсыздоо, ирригация обьектилерин куру боюнча кеңири маалымат берди. Андан ары энергетика тармагына токтолуп, Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөөрүн убадалады. Мамлекет башчысы белгилегендей, Токтогул ГЭСинен үнөчдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого жумшалат. Ушул тапта Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү жаатында ургалдуу иштержүрүп жатат. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер дагы улантылууда. Камбар-Ата-1 жана Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куру үчүн инвесторлорду тартуу иши жүрүп жатат. CASA 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруубашталды.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле учурда ишке ашырылып жаткан сот-укуктук реформасы, коррупцияга каршы күрөш,тышкы саясаттагы жетишкендиктер, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу өзгөчө көңүл бурулуп жаткан багыттар боюнча дагы маалымат берди. Убадалангандай, мугалимдердин айлыгы ушул жылдын октябрынан тартып 30 пайызга көбөйтүлдү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторунун жоюлушуна, бюрократиянын азайышына, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга багытталган долбоорлор — «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Коопсуз шаар»жана«Коопсуз жол кыймылы», долбоорлоруна кеңири токтолду. Digital CASA долбоорунун алкагында региондор интернет менен камсыздалып, мектептерге жана ооруканаларга жаңы заманбап технологиялар терең киргизилээрин баса белгиледи.
Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызын төмөндөтүү чаралары боюнча дагы баяндады. Учурда жолугушуу суроо-жооп форматында улантылууда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.