Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
16 Бардыгы / Энергетика министрлигинин айыл аймактардагы калктын электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмасына ылайык, “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жыйынтыктоонун алдында турат. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, Жалал -Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТи тарабынан 2025- жылга карата мерчемделип, жүргүзүлүп жаткан иштердин 98 пайызы аткарылды. Бул багытта энергетиктер тарабынан […]
17 Бардыгы / Энергетика министрлигинин айыл аймактардагы калктын электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмасына ылайык, “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жыйынтыктоонун алдында турат. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, Жалал -Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТи тарабынан 2025- жылга карата мерчемделип, жүргүзүлүп жаткан иштердин 98 пайызы аткарылды. Бул багытта энергетиктер тарабынан […]
АКСЫ ЖАНА НООКЕН РАЙОНУНУН АЙМАГЫНА ЖАҢЫ 10 ЧАКЫРЫМ АБА ЧУБАЛГЫ ТАРТЫЛДЫ
29.10.2025 / Автор anarkan_kg18 Бардыгы /
Энергетика министрлигинин айыл аймактардагы калктын электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмасына ылайык, “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жыйынтыктоонун алдында турат.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, Жалал -Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТи тарабынан 2025- жылга карата мерчемделип, жүргүзүлүп жаткан иштердин 98 пайызы аткарылды. Бул багытта энергетиктер тарабынан 2025- жылга мерчемделген жаңы 10,0 чакырым аба чубалгы курулду.
Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма жана Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы жаңы конуштарга 1,45 чакырым жаңы аба чубалгы тартылды. Мында электр энергиясына болгон муктаждык бар болчу.
Ал эми Аксы районунун Жылкол, Ноокен районунун Ынтымак, Кызыл-Туу айылдарында жай мезгилинде сугат насостук станциялар иштеген учурда ашыкча жүктөм пайда болуп, аба чубалгыларга күч келчү. Бул көйгөйдү жоюу максатында 8,45 чакырым 6/10 кВ жаңы аба чубалгы орнотулду. Эми аталган айылдарда сугат мезгилинде энергия тартыштыгы жаралбайт.
Мындан тышкары, 3,8 чакырым 6/10–0,4 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн, 323 чакырым аба чубалгы техникалык кароодон, ал эми 205 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн жана кароодон өткөрүлдү.
Ошондой эле Аксы районунун Терс айылына 400 кВА, ал эми Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылына 250 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду.
Таш-Көмүр РЭТи Аксы районунун Уч-Коргон айыл өкмөтүн, Ноокен районунун Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрүн, ошондой эле Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай шаарларын электр энергиясы менен камсыздайт.
Ишканада 87 кызматкер эмгектенет.
Бул иштер энергетиктер тарабынан калкка электр энергиясын туруктуу берүү жана сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө жана энергия жоготууларын азайтуу боюнча иштерди улантууда.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАГА ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ КУРУЛАТ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ КОМСОМОЛ ЧОКУСУН БАГЫНДЫРЫШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.