Аймак

КАЗАКСТАНДА КОРОНАВИРУСТАН ЭКИНЧИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

КАЗАКСТАНДА КОРОНАВИРУСТАН ЭКИНЧИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

 1,185 Бардыгы /

КАЗАКСТАН, Нур-Султан шаарындагы ооруканада коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын бири каза болду. Бул тууралуу 31-мартта шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикова билдирди.

Анын айтымында, 50 жаштагы бейтап ооруканага 21-мартта жаткырылган. «Бейтап бир ай ооруп жүргөн. Жумушуна байланыштуу иш сапарларга көп чыккандыктан, медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Азыр аны менен байланышта болгон 31 адам ооруканага жаткырылды. Дагы 50 киши карантинге алынды», — деди Кисикова.

Ал каза болгон бейтаптын эки үй-бүлө мүчөсү коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын кошумчалады.

26-мартта Казакстанда коронавирустан алгачкы бейтап каза болгону кабарланган. Акмоло облусунун 64 жаштагы тургуну Нур-Султандагы облустук ооруканага которулгандан кийин көз жумган.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 325 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 175и Нур-Султанда, 82си Алматыда, экөө Чымкентте катталган. Мындан тышкары өлкөнүн дагы 12 аймагында вирус жуктургандар аныкталды.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17