Аймак

“ДОМОДЕДОВО” АЭРОПОРТУНАН 300дөй МИГРАНТТЫ КУУП ЧЫГЫШТЫ

“ДОМОДЕДОВО” АЭРОПОРТУНАН 300дөй МИГРАНТТЫ КУУП ЧЫГЫШТЫ

 927 Бардыгы /

ОРУСИЯ. Шейшемби, 31-мартка караган түнү формачан белгисиз кишилер Москвадагы “Домодедово” аэропортунан борбор азиялык 300дөй мигрантты кууп чыгышты, алардын арасында Тажикстан жарандары да бар. Бул тууралуу тажикстандык журналист Галия Ибрагимова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын айтымында, коронавирустан улам чек аралар жабылгандыктан, мигранттар үйлөрүнө кете албай эки аптадан бери аэропортто турушкан. Фарух аттуу мигрант 31-мартта болгон окуяны видеого тартып, журналистке жөнөткөн.

«Бизди аэропорттон кууп чыгышты. Формачан кызматкерлер келип, баарын чогултууну сурашты. “Бүгүн кечинде учуп кетесиңер” деп убада беришти. Биз баарын чогулттук. 300дөй киши болду. Чогулган соң алар бизди көчөгө кууп чыгышты. Түнчүндө. Суук. “Мындан ары аэропортто турууга болбойт” дешти. Кууп чыгышты. Азыр кишилер көчөдө. Эмне кылышты билбейбиз», – деди ал.

Буга чейин «Настоящее Время» телеканалы да “Домодедово” аэропортундагы мигранттар жөнүндө репортаж жасаган.

Ара жолдо калган мигранттар Тажикстан элчилиги жана Орусия бийлиги аларга жардам көрсөтпөгөнүн, суу жана тамак-ашты аларга ыктыярчылар менен замандаштары алып берип жатканын айтышкан. Тажик бийлиги чартердик каттам уюштуруларын кабарлаган, бирок ал да ишке ашпай калган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17