Аймак

ФИЛИППИН ПРЕЗИДЕНТИ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАНДАР КАРШЫЛЫК КӨРСӨТСӨ, АТУУГА БУЙРУК БЕРДИ

ФИЛИППИН ПРЕЗИДЕНТИ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАНДАР КАРШЫЛЫК КӨРСӨТСӨ, АТУУГА БУЙРУК БЕРДИ

 969 Бардыгы /

ФИЛИПИН. Филиппин президенти Родриго Дутерте эгер коронавируска чалдыккан кишилер каршылык көрсөтүп, күч түзүм кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратса, аларды “өлтүрө атууга” буйрук бергенин билдирди.

Дутерте теле аркылуу элге кайрылуу жасап жатып: “Менин полиция жана армияга берген буйругум: эгер кандайдыр бир маселе болсо, эгер алар силерге каршылык көрсөтүп, өмүрүңөр коркунучка кептелсе – өлтүрө аткыла. Бул түшүнүктүүбү? Өлтүрө аткыла”, – деди.

Ал бул талап карантинге жөнөтүлүп, бирок анын эрежесин сактабагандарга да тиешелүү экенин түшүндүрдү.

Президенттин маалымат кызматы саясатчынын сөзүндө кишилердин көңүлүн буруу үчүн “гипербола” (таасирдүү айтуу, ашыра айтуу) колдонулганын билдирди. Улуттук полициянын башчысы президенттин бул сөзү маселенин канчалык олуттуу экенин көрсөткөнүн, ошол эле маалда эч кимге ок атылбай турганын билдирди.

Филиппинде коронавирустан 96 киши өлдү, 2300 киши ооруну жуктуруп алды. Бирок өлкөдө тесттер жетишсиз болуп жаткандыктан, статистиканы так деп айтуу кыйын. Көз карандысыз басылмалар шаршембиде Филиппиндин борбору Маниладагы кедей райондордун жашоочулары бийликтен гуманитардык жардам сурап нааразылык акцияларына чыгышканын кабарлашты. Анын жыйынтыгында бир нече киши кармалган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17