Аймак

ӨЗБЕКСТАН: 15-АПРЕЛДЕН ТАРТЫП КАРТОШКА ТАРТЫШТЫГЫ БОЛБОЙТ

ӨЗБЕКСТАН: 15-АПРЕЛДЕН ТАРТЫП КАРТОШКА ТАРТЫШТЫГЫ БОЛБОЙТ

 711 Бардыгы /

Өзбекстан Айыл чарба министрлиги 15-апрелден тартып өлкөдө картошка тартыш болбой турганын билдирди. Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү базарларга жергиликтүү фермерлер өстүргөн картошкалар чыга баштайт.

Билдирүүдө: «Адатта март-апрель айларында картошка тартыштыгы (45-50 миң тонна) болот. Бул маалда ички суроо-талап запастагы жана чет өлкөдөн келген продукциянын эсебинен камсыздалып келген», – деп айтылат.

Министрликтин билдиришинче, 2019-2020-жылдардын кыш жана жаз маалы үчүн 181 миң тонна картошка камдалган, ушул тапта 133 миң тоннасы сатылды.

30-мартта Өзбекстан базарларында картошканын баасы 3,5 миң сумдан 7 миң сумга (0, 73 доллар) чейин кымбаттап кеткен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17