Аймак

ТЕГЕРАН ТРАМПТЫН ИРАН КЕМЕЛЕРИНЕ ОК АТУУ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮСҮНӨ ЖООП БЕРДИ

ТЕГЕРАН ТРАМПТЫН ИРАН КЕМЕЛЕРИНЕ ОК АТУУ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮСҮНӨ ЖООП БЕРДИ

 1,408 Бардыгы /

Ирандын коопсуздугуна коркунуч жаралса, Тегеран америкалык аскердик кемелерди жок кылат. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Хоссейн Салами билдирди.

22-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлердин Перс булуңу аркылуу өтүүсүнө тоскоолдук кылган Ирандын согуштук кемелерине ок атыларын эскерткен. Өткөн жумада Перс булуңунда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кемелери америкалык кемелерге жакындап, опурталдуу маневрларды жасаганы белгилүү болгон.

Трамптын бул билдирүүсүнөн кийин ислам республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандагы кызыкчылыктарын коргогон Швейцариянын элчисин чакырып, Ак үйгө арналган нааразылык нотасын тапшырган. Анда Тегеран Вашингтонду деңиз эркиндигин сактоого чакырган.

Жыл башында Ирандын таасирдүү командири Касем Сулейманини америкалык учкучсуз учактар өлтүргөндөн кийин Тегеран менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөгөн. Генералынын өлүмүнө жооп катары Иран АКШнын Ирактага аскердик базаларын аткылаган. Жыйынтыгында ондогон америкалык жоокер жаракат алган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17