Аймак

HRW: КАРАНТИН МААЛЫНДА БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ АДАМ УКУКТАРЫ БУЗУЛУУДА

HRW: КАРАНТИН МААЛЫНДА БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ АДАМ УКУКТАРЫ БУЗУЛУУДА

 1,052 Бардыгы /

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму карантин маалында Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары бузулуп жатканын билдирди.

Уюмдун 23-апрелде жарыяланган атайын баяндамасында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан коронавирустун жайылышын токтотуу боюнча «маанилүү кадамдарга» барганы менен ал чаралар дарыгерлердин, журналисттердин жана активисттердин укугун чектөө үчүн колдонулуп жатканы белгиленген. Мындан тышкары айрым учурларда карантин чаралары чектен чыгып кетип жатканы да айтылган.

«Чукул чаралар убагында жана вируска каршы келечекте көрүлө турган иш-аракеттер учурунда адам укуктары сакталышы керек. Чектөөлөр журналисттерге, медицина кызматкерлерине жана коомчулукка маалымат жеткирүүгө аракеттенген башка адамдарга каршы колдонулбашы керек», – деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Мындан тышкары «Human Righrs Watch» уюму Түркмөнстан менен Тажикстандын бийлиги калкка коронавирус инфекциясы тууралуу ачык маалымат бербей, жарандарынын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилеген.

23-апрелге карата өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны Казакстанда 2207, Өзбекстанда 1716, Кыргызстанда 631 адамга жетти. Тажикстан менен Түркмөнстан коронавируска чалдыккандар тууралуу маалымат бере элек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17