Аймак

ТАЖИКСТАНДА БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУ ПНЕВМОНИЯ ШЕГИ МЕНЕН ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУ ПНЕВМОНИЯ ШЕГИ МЕНЕН ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

 1,626 Бардыгы /

Белгилүү тажик жазуучусу Мухиддин Хожазоддун (Мухиддин Хожев) өпкөсү сезгенип, Хожент шаардык ооруканасына жаткырылды.

Дарыгерлердин айтымында, бейтап 23-апрелге караган түнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду.

«Бейтап бизге 19-апрелде жеткирилген. Өпкөсү сезгенип, кийин ал жүрөгүнө таасир эткен. Кечээ кеңешип, аны жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырдык. Бүгүн абалы жакшы», — деди оорукананын башкы дарыгери Фирдавсхон Турахонов.

Ушу тапта аталган ооруканада жазуучунун 49 жаштагы уулу Алишер Хожаев да дарыланууда. Ал өзүн жаман сезип, дене табы жогорулагандан кийин ооруканага жаткырылган.

Дарыгерлер ата-баладан коронавируска карата анализ алынып, текшерүү үчүн Душанбеге жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Мухиддин Хожазод – Тажикстандын эл жазуучусу, Нурек жана Рогун ГЭСтеринин курулушу тууралуу романдардын автору. Мындан тышкары бир катар белгилүү тасмалардын сценарийин жазган.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип келет. Бирок акыркы жумаларда өлкөдө бир нече адамдын пневмония жана кургак учук ооруларынан каза болгону коомчулукта күмөн ойлорду жаратууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17