Аймак

САУД АРАБИЯСЫ ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРДИ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТУУНУ ТОКТОТУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

САУД АРАБИЯСЫ ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРДИ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТУУНУ ТОКТОТУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

 1,027 Бардыгы /

Сауд Арабия бийлиги жашы жете электерди өлүм жазасына тартуу тажрыйбасынан баш тартууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу 26-апрелде өлкөнүн Адам укуктары боюнча комиссиясы падыша Салмандын жарлыгына шилтеме кылып билдирди.

Азырынча падышанын бул жарлыгы качан күчүнө кирери белгисиз. 84 жаштагы Салман 2015-жылдан бери монарх жана премьер-министр экенине карабастан, факты жүзүндө өлкөнү 2017-жылдан бери мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман башкарып келет.

Эки күн мурда Сауд Арабиясынын Жогорку соту өлкөдө балак менен жазалоо жокко чыгарылып, ал айып пул төлөтүү жана камакка алуу жазасы менен алмаштырылганын билдирген.

Сауд Арабиясы өлүм жазасы көп колдонулган мамлекеттердин катарына кирет. Буга чейин өлкөдө өкүм чыккан маалда 18 жашка чыга элек жарандар да өлүм жазасына тартылып келген. Бул тажрыйбага тыюу салган БУУнун балдар укуктары боюнча конвенциясын падышалык 1996-жылы ратификациялаган.

Өткөн жумада эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму дүйнөдө өлүм жазасына тартуу учурлары акыркы 10 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткенин билдирген. Ошол эле маалда уюм бир катар өлкөлөрдө өлүм жазасына тартуу тууралуу маалыматтар жашыруун бойдон калып жатканын белгилеген. Маалыматка караганда, Кытайда жыл сайын миңдеген адам өлүм жазасына тартылат, бирок бул тууралуу маалыматтар ачык жарыяланбайт. Андан кийинки орунда Иран турат. 2019-жылы бул өлкөдө кеминде 251 киши өлүм жазасына тартылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17